Перейти на новый сайт
MegaPay аркылуу булут электрондук кол тамгасын онлайн алыңыз

MEGA компаниясы MegaPay тиркемесинде кыргызстандыктар үчүн  ыңгайлуу боло турган дагы бир кызматты ишке киргизди. Эми тиркеменин колдонуучулары күнүмдүк иштеринен алагды болбостон, булут электрондук кол тамгасын акысыз  жана онлайн түрүндө алса болот.

Электрондук санарип колтамга – өз колу менен коюлган кол тамганын аналогу.  БЭК – бул анын ээси жөнүндө бардык керектүү маалымат сакталган санариптик символдор. Санариптик кол тамганын жардамы менен, «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында Сизге 140тан ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болот.

Булут электрондук кол тамгасын кантип алууга болот:

  • «Сервистер» бөлүмүнө кириңиз;
  • «БЭКти аралыктан алуу» жазуусун тандаңыз;
  • жашырын сөз жөнөтүлө турган электрондук почтанын дарегин киргизиңиз жана идентификциялоонун бирдиктүү тутумунда каттоо жазуусун түзүүгө макулдук бериңиз;
  •  "Улантуу" баскычын басыңыз;
  •  өзүңүздү сүрөткө тартып жөнөтүңүз;
  • андан кийин электрондук кол тамгадан жашырын сөз электрондук почтаңызга жөнөтүлөт.

Даяр!

Электрондук кол тамганын артыкчылыктары абдан көп. Ал документтерди дарек ээсине бир нече мүнөттүн ичинде жеткирүүгө жана аларды юридикалык жактан маанилүү, башкача айтканда, анык деп таанууга мүмкүндүк берет. ЭК документти бекитүүнүн жана жогорку органдар менен кызматташуунун ишенимдүү каражаты болуп саналат.

Маанилүү! Кызмат MEGA виртуалдык номери менен катталган MegaPay колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болбойт. Аралыктан алынуучу БЭК жеке адамдар тарабынан гана алынышы мүмкүн.

MegaPay – күнүмдүк жашооңуздагы ишенимдүү жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы