«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MEGA) абоненттерине «Билим» жана «Билим 7» тарифтерине жаңы абоненттердин кошулуусу жана учурдагы абоненттердин аталган тарифке өтүүсү 2023-жылдын 5-сентябрында токтотула тургандыгын маалымдайт. Тарифтерге 2023-жылдын 5-сентябрына чейин кошулган бардык абоненттер, компаниянын башка актуалдуу тарифтеринин бирине өткөнгө чейин, байланыш кызматтарынан тарифтердин шарттарына ылайык пайдаланууну уланта бермекчи. Тарифтердин башка шарттары өзгөртүүсүз калтырылат.