MEGA маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода маркасы MEGA) төмөндөгүнү билдирет:
- 2023-жылдын 25-апрелинен тарта «Чалуулар MAX», «Суперыңгайлуу 7 баарлашуулар», «Суперыңгайлуу 145», «Суперыңгайлуу 595», «Суперыңгайлуу 7 Студент», «Суперыңгайлуу 7 + YouTube», «Элдик Сөз 6 айга» тарифтери жабылат жана аларды колдонуу токтотулат. 2023-жылдын 25-апрелине чейин узартылган тарифтердин шарттары, акы төлөнгөн колдонуу мөөнөттөрүнө ылайык, толук көлөмдө жеткиликтүү болот;
- 2023-жылдын 25-апрелинен баштап «Суперыңгайлуу премиум 795» тарифинин колдонуу мөөнөтү 28 күндү түзөт. Тарифтин башка бардык шарттары өзгөртүүсүз калат.
Аталган тарифтерди колдонгон абоненттер өзгөртүүлөр тууралуу толук маалымат камтылган SMS-билдирүү алышат.
Учурдагы актуалдуу тарифтер тууралуу толук маалыматты Байланыш борборунун *500 номерине акысыз чалуу аркылуу алууга болот, ошондой эле бардык MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунда жана компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү.