Перейти на новый сайт

MEGA бүткүл Кыргызстан боюнча түйүндү өнүктүрүүнү жигердүү улантат

MEGA бүткүл Кыргызстан боюнча түйүндү өнүктүрүүнү жигердүү улантат

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн камтуу аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүүнү инвестициялоо менен байланыш инфраструктурасын жигердүү модернизациялоо боюнча иштерди улантат.

Кыргыз Республикасынын жети облусунун шаар жана айылдарында 2022-жылдын ноябрында жүргүзүлгөн иштер түйүндүн жакшыруусун, мобилдик интернеттин ылдамдыгынын жогорулоосун жана MEGA’нын чалуу аткаруудагы сапатынын мыктылануусун шарттай алды.

4G түйүнүнүн өткөргүчтүк касиетинин байкаларлык өсүүсүнө Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Раззаков, Токмок жана Өзгөн шаарларындагы, ошондой эле төмөнкү айылдардагы базалык станцияларды модернизациялоо себеп боло алды:

  • Баткен облусунун Бел, Булак-Башы, Бүргөндү ПМК, Жаңыжер, Жаңы-Сырт, Кайтпас, Мыргылжек, Тайлан, Чечме айылдарында;
  • Жалал-Абад облусунун Баймундуз, Бешик-Жон, Жараке, Жон, Жыгач-Коргон, Сузак, Чымчык-Жар айылдарында;
  • Нарын облусунун Дөң-Алыш, Кара-Мойнок, Кара-Саз, Комсомол, Кызыл-Дөбө, Мантыш, Орток, Осовиахим айылдарында;
  • Ош облусунун Ак-Жар, Ак-Кыя, Ак-Өргөө, Андижан, Арал, Арап, Аччи, Бабашуулу, Бакмал, Барын, Бостон, Жаңы-Кызыл-Суу, Жоош, Жыланды, Жылуу-Суу, Кабылан-Кол, Кайын-Талаа, Какыр, Кара-Булак, Кара-Дарыя, Кара-Жыгач, Кара-Тарык, Кара-Шоро, Кароол, Кең-Жылга, Кеңеш, Киров, Кондук, Кош-Коргон, Красный Маяк, Күйөөташ, Күнгөй, Курбу-Таш, Курулуш, Кызыл-Жар, Кызыл-Тейит, Кысык-Алма, Мады, Макаренко, Монок, Мырза-Аке, Мырза-Арык, Ой-Тал, Октябрь, Оро-Дөбө, Орто-Арык, Биринчи Май, Пор, Сары-Камыш, Сары-Таш, Тамга-Терек, Тогуз-Булак, Уйгур-Абад, Фуркат, Фурхат, Чагыр, Чакмак, Шарк, Шоро-Башат, Ылай-Талаа айылдарында;
  • Чүй облусунун Ак-Жол, Белек, Достук, Жетиген, Камышановка, Комсомольское, Манас, Тельман айылдарында.

Базалык станцияларды Бишкек, Жалал-Абад, Ноокат, Ош, Токмок, Кетмен-Төбө шаарларында жана төмөнкү айылдарда жакшыртуунун эсебинен, 3G түйүнү мыкты иштеп жатат:

  • Баткен облусунун Арка, Бел, Булак-Башы, Бүргөндү ПМК, Жаңы-Турмуш, Жаңы-Сырт, Кайтпас, Мыргылжек, Мырза-Патча, Ормош, Самат, Сур-Таш, Чечме айылдары;
  • Жалал-Абад облусунун Авлетим, Атана, Байкашка-Терек, Бууракан, Жаңы-Жол, Жар-Таш, Кара-Ой, Кара-Суу, Кашкулаксай, Кой-Таш, Коңур-Өгүз, Коргон, Кош-Таш, Кызыл-Капчыгай, Кызыл-Өзгөрүш, Кызыл-Ураан, Сары-Сегет, Сузак, Сыны, Таштак, Тегирмен-Сай, Тавар-Сай, Торкент, Чие, Чүйүтсай, Шайык айылдары;
  • Ысык-Көл облусунун Кара-Чуңкур, Көк-Мойнок Биринчи, Көк-Мойнок Экинчи, Кең-Суу, Кош-Дөбө, Кутургу, Ой-Булак, Сары-Телегей айылдары;
  • Ош облусунун Андижан, Араван, Арал, Арап, Барын, Жоош, Кеңеш, Кош-Коргон, Кызыл-Тейит, Ничке-Сай, Октябрь, Пор, Уйгур-Абад, Шарк айылдары;
  • Талас облусунун Ак-Коргон айылы;
  • Чүй облусунун Ак-Жол, Александровка, Достук, Кашка-Суу, Кой-Таш, Комсомольское, Малиновка, Манас, Подгорное, Прохладное айылдары.

MEGA уюлдук операторунун Баткен облусундагы Бүргөндү ПМК, Кайтпас, Мыргылжек айылдарындагы, ошондой эле Ош облусунун Октябрь айылындагы 2G түйүнүнүн базалык станциялары модернизацияланды.

Кошумча жабдууну ишке киргизүүнүн натыйжасында, MEGA’нын Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Сары-Таш шаар тибиндеги айылдарында жашаган абоненттери жана төмөндөгү айылдардын тургундары 4G байланыш түйүнүнө жетки алышты:

  • Баткен облусунун Бел, Жаңы-Турмуш, Мырза-Патча, Ормош, Самат, Сур-Таш айылдары;
  • Жалал-Абад облусунун Аркит, Акдөбө, Авлетим, Атана, Байкашка-Терек, Бууракан, Жаңы-Жол, Жар-Таш, Кара-Ой, Кара-Тектир, Кой-Таш, Коңур-Өгүз, Коргон, Кош-Таш, Кызыл-Капчыгай, Кызыл-Өзгөрүш, Кызыл-Ураан, Сары-Сегет, Сыны, Тегирмен-Сай, Тавар-Сай, Торкент, Чие, Шайык айылдары;
  • Нарын облусунун Котур-Суу, Табылгы айылдары;
  • Ош облусунун Ничке-Сай айылы.

3G стандартындагы жаңы базалык станциялар:

  • Ысык-Көл облусунун Арал, Сары-Дөбө, Тасма, Токтоян, Чоң-Тогуз-Бай айылдарында;
  • Жалал-Абад облусунун Кара-Тыт, Кызылалма, Кызылбейит, Күрп, Разансай айылдарына орнотулду.

Түйүн камтыган аймактар боюнча маалыматтарды Интерактивдик картанын жардамында MEGA’нын расмий сайтынан онлайн-режимде алууга болот. Тармак каптаган аймактардын Интерактивдүү картасынын жардамы менен жакынкы базалык станциялардын сигналдарына көз жүгүртүп, бүткүл Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G тууралуу да билүүгө болот.

MEGA’нын абоненттери кайсы аймактарда тармакты жайылтууну жакшыртуу муктаждыктары бар экендиги тууралуу өздөрүнүн каалоо-билдирмелерин *500 номерин терип Байланыш-борборуна чалып же, +996 999 500 000 номери аркылуу WhatsApp же Telegram’дан жолдосо болорун эске салабыз.

MEGA компаниясынын акыркы жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуздар! Биздин FacebookInstagramTwitter баракчаларыбызга жана Telegram каналыбызга жазылыңыздар.

Сунушталган кызматтар

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы