Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Ош шаарында веложүрүш-2022 сезонунун ачылышын жасады

MegaCom компаниясы Ош шаарында веложүрүш-2022 сезонунун ачылышын жасады

Кечээ, 4-майда Ош шаарында, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түштүк борборубуздун мэриясы менен биргеликте уюштурган веложүрүш-2022 сезонунун салттуу ачылышын жасады.

Ири спорттук иш-чара профессионал жана сүйүүчүлөрдүн, ошондой эле 2000дей ар түрдүү жаш курактагы сергек жашоону көнүмүш адатка айландырган жарандардын башын бириктирди.

Катышуучуларга старт берилердин алдында MegaCom компаниясынын фирмалык футболкалары таратылып, жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Андан соң, велосипедчилер патрулдук унаалардын коштоосунда колоннага тизилишип, майрамдык атмосферада шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүрүп жөнөштү.

Шаардын тургундары жана коноктору веложүрүштүн катышуучуларын суктануу менен карап, аларга дем берип сүрөп жатышты. Вело-колоннанын өтүп кетүүсүн чыдамкайлык менен күтүп, жылбай турган автоунаа айдоочулары өзгөчө ыраазычылыкка арзышты.

Эң активдүү велосипедчилерди марадан иш-чаранын уюштуруучулары даярдап койгон жагымдуу приздер жана белектер күтүп алды. Иш-чара тууралуу ой-пикирлери менен бөлүшкөн катышуучулар велосезондун ачылышы алар үчүн достор менен жолугушууга, жаңы досторду табууга, ошондой эле дагы бир жолу спорттук майрамдын кайталангыс энергиясын, жылуу атмосферасын сезүүгө себепчи болгонун айтышты.

MegaCom – спорт үчүн жана сергек жашоо образы үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы