Перейти на новый сайт
MegaCom: Жаңы жыл түнү жаңы рекорддук жыйынтыктар менен!

MegaCom: Жаңы жыл түнү жаңы рекорддук жыйынтыктар менен!

Жаңы жыл түнүндө MegaCom'дун абоненттери мобилдик интернет-трафиктин көлөмү боюнча жаңы рекорд коюшту. 31-декабрдын кечинен 1-январга караган түндөгү түйүндөгү datа-трафик 2 миллион гигабайттан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла көп болду.

Ошондой эле Жаңы жыл түнү MegaCom абоненттери тарабынан жалпы узактыгы 25 миллион мүнөттү түзгөн 15 миллион чалуулар аткарылган, бул 47 жылга барабар дегенди билдирет.

Кыргызстандыктар Жаңы жыл түнү эң көп чалууларды аткарган өлкөлөргө Россия, Казакстан, Өзбекстан, Франция, Азербайжан, Украина, Улуу Британия, Польша жана Армения кирди.

MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору миллиондогон мекендештерибизди сапаттуу интернет жана уюлдук байланыш менен камсыздап келет. Ар жыл сайын Жаңы жыл түнүндө абоненттердин активдүүлүгү өсөт эмеспи. Компаниянын түйүнү мыкты даярдык менен өзгөчө жүктөмгө туруштук бере алды.

«2021-жылы MegaCom оператору жабдууларды модернизациялоо жана түйүндүн каптоосун кеңейтүү менен, түйүндү өнүктүрүүгө басым жасагандыгы маалым. Мындай аракет өз жемишин берип, компания абоненттерин үзгүлтүксүз байланыш менен камсыздай алды, − деп белгилей кетти «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. − Бул болсо, өз кезегинде, абоненттерге “кызуу” Жаңы жыл түнүндө уюлдук байланыштын бардык артыкчылыктарын пайдаланып, туугандарын жана жакын адамдарын өз убагында куттуктоого мүмкүнчүлүк берди. Белгилей кетсем, MegaCom компаниясы 2022-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында түйүндү өнүктүрүү иштерин уланта бермекчи».

MegaCom − мамлекеттик ишенимдүү байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы