Перейти на новый сайт
MegaCom жыштык сатып алуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы бюджетин 763 миллион сомго толуктады

MegaCom жыштык сатып алуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы бюджетин 763 миллион сомго толуктады

Кыргызстандагы 2G/3G/4G түйүндөрүнүн каптоосу боюнча өлкөдөгү лидер операторлордун бири болгон MegaCom атамекендик уюлдук байланыш оператору ылдамдыктын потенциалын өстүрүүнү улантып келет.

2021-жылы компания инфраструктураны модернизациялоо жана түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча стратегиялык пландарды ийгиликтүү ишке ашыра алды. Март айында мобилдик оператор Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2 онлайн-аукционунда жеңишке жетишти. «Альфа Телеком» ЖАКтын тоорук кылуусунун жыйынтыгы менен компания эки жыштыкка ээ болду (2300-2340 МГц жана 2380-2400 МГц). Бул MegaCom компаниясынын бардык 7 дубанда тең байланыш сапатын жогорулатуусуна мүмкүнчүлүк берди.

Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында «Альфа Телеком» ЖАК жыштык диапазонун дагы 60 МГцке кеңейтти. Сентябрдагы ачык онлайн-аукциондун жыйынтыгы менен Бишкек шаарында колдонууга мүмкүндүк берген LTE стандартындагы 40 МГц (2300-2340 МГц) коммерциялык кызыкчылыктагы радио жыштык ресурсуна ээ болду. 29-октябрда борбор калаада 4G/LTE каптоо түйүнүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген 20 МГц (2340-2360 МГц) жыштык өткөрүү тилкесине MegaCom вице-жеңүүчү катары ээ болду (жеңүүчү компания лотту сатып алуудан баш тарткандыгы үчүн).

Жалпысынан 2021-жылы «Альфа Телеком» ЖАКтын инвестициялары радио жыштыктарды сатып алууларынын аркасында республикалык бюджетти 763 миллион сомго толуктады.

«MegaCom үчүн ар бир мегагерц - телекоммуникациялык кызматтардын атаандаштык рыногунда позицияны бекемдөөчү, түйүндүн географиясын кеңейтүүчү жана техникалык потенциалын өстүрүүчү баалуу ресурс болуп саналат, – деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов онлайн-сооданын жыйынтыгында. – MegaCom Кыргыз Республикасынын борбор калаасында жана өлкө аймагында дагы байланыш сапатын мыктылоо үчүн жаңы жыштык диапазонун колдонууну көздөйт. Жакынкы келечекте ээ болгон ресурстар жогорку технологиялык стандарттагы 5G байланыш түйүнүн республикада алгачкылардан болуп киргизүүчү компания болууга шарт түзөт».

MegaCom'дун жетекчилиги атамекендик байланыш оператору инновациялык тарифтерди жана кызматтарды киргизип, компаниянын мүдөөлөрүнө жараша техникалык инфраструктурасын өнүктүрүп, мунун арты менен ар бир абоненттин негизги өнөктөшү катары алардын жашоосун максималдуу түрдө ыңгайлуу, жогорку технологиялуу жана мобилдүү кылууну көздөрүн белгилейт.

Сунушталган кызматтар

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы