Перейти на новый сайт
MegaCom менен «Инфоком» мамлекеттик мекемеси кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

MegaCom менен «Инфоком» мамлекеттик мекемеси кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

Санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу кызматташууларынын алкагында, MegaCom компаниясы жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик мекемеси кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту.

Кол коюу боюнча расмий иш чара MegaCom'дун башкы кеңсесинде 2021-жылдын 22-сентябрында, «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов жана «Инфоком» мекемесинин директору Рыскулбек Осмоналиевдин катышуусунда болуп өттү.

«Салттуу уюлдук компаниядан санарип мүмкүнчүлүктөрдүн операторуна пландык трансфомация болуу «Альфа Телеком» ЖАКтын негизги максаттарынын бири болуп саналат. MegaCom компаниясы акыркы жылдар аралыгында актуалдуу санариптик чечимдерди кабыл алуу менен, телекоммуникация, билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт жана башка тармактарда ийгиликтүү жыйынтыктарга жетип жана мамлекеттик кызматтардын өлкөнүн калкы үчүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулата алды. Бири-бири менен тикелей катыштыгы бар өлкөдөгү негизги мекемелер – «Альфа Телеком» ЖАК менен «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин ортосундагы Меморандумга кол коюлуусу эки ишкананын санариптик кызматташуу жолундагы маанилүү кадам деп эсептейбиз», – деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов өз сөзүндө.

Тараптар Меморандумдун мазмунунда камтылган эки тараптуу кызматташуунун негиздери керектөөчүлөргө пайдалуу жана жогорку сапаттагы мобилдик кызматтарды көрсөтүү менен ишке ашып, ошондой эле «Альфа Телеком» ЖАК менен «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин ортосундагы кызматташтык сапаттуу жаңы баскычтарга көтөрүлүп, санарип маркетингдин заманбап технологиялык ыкмаларын колдонуу, MegaCom IT-мектебинен билим алууну ийгиликтүү аяктаган квалификациялуу адистерди жумуш орду менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу жаатындагы өнөктөштүктөрдү бекемдейт деген пикирлерин билдиришти.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы