Перейти на новый сайт

«Альфа Телеком» ЖАК бизнес үчүн программалык ККМ кызматын ишке киргизет

«Альфа Телеком» ЖАК бизнес үчүн программалык ККМ кызматын ишке киргизет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы №356 номерлүү “Салык процедураларын фискализациялоо үчүн электрондук системаны киргизүү чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык, «Альфа Телеком» ЖАК тандап алуунун жыйынтыгы менен КРнын мамлекеттик салык кызматынын фискалдык маалыматтар операторлорунун (мындан ары – ФМО) реестрине киргизилген.  

Бүгүнкү күндө ар кандай товар жана кызматтарды реализациялоодо жүргүзүлүүчү чекене операциялар үчүн фискалдык маалыматтарды берүү боюнча ФМО кызматын көрсөтүүчү бардык техникалык иштер «Альфа Телеком» ЖАКтын адистери тарабынан аягына чыгарылды. 

Фискалдык маалыматтарга КРнын Мамлекеттик салык кызмат органдары жана КРнын мыйзамдарына ылайык келген салык милдеттерди аныктоочу органдары үчүн жеткиликтүү болгон салык төлөөчүлөрдүн декларациялары жана отчеттору, документация, анын ичинде кассалык документтерди камтыган маалыматтар кирет.

Программалык ККМ жана ФМО менен иш алып баруунун бизнес үчүн кандай артыкчылыктары бар?

Фискалдык маалыматтар оператору КРнын Салык кызматы менен биргеликте салык төлөөчүлөр үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кассалык чектер оператор тарабынан Салык кызматына ыңгайлуу санарип платформалар аркылуу корголгон шартта өткөрүлөт. 

Программалык ККМны Play Market’тен телефонго же планшетке жүктөп алса болот. Андан кийин келишим түзүү жана Салык кызматынын маалыматтык системасына ККМны каттоо үчүн «Альфа Телеком» ЖАКтын Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылуу зарыл.

Фискалдык маалыматтарды берүү кызматы ай сайын төлөнүүчү абоненттик төлөмдүн негизинде ишке ашырылат. Ошол эле учурда программалык ККМ акысыз берилет.

Сунушталган кызматтар

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы