Перейти на новый сайт

«MegaCom IT Мектеби»: келечектин кесибин өздөштүр!

«MegaCom IT Мектеби»: келечектин кесибин өздөштүр!

«Альфа Телеком» ЖАК «MegaCom IT Мектебинин» окуу процесси башталганын кубануу менен кабарлайт. Билим алууга кызыкдар бардык талапкерлер үчүн алгачкы тааныштыруу иретиндеги лекциялар 2020-жылдын ноябрында акыркы заманбап техникалар менен жабдылган окутуу аудиторияларында болуп өттү.

MegaCom’дун программалоо боюнча курстары көбүнчө башка мекемелерде иштеген угуучуларда кызыгууну жаратып, алар жалпы катышып жаткан билим алуучулардын 50 пайызын түздү. Калган орундардын 40 пайызы студенттерге жана 10 пайызы окуучулар арасында бөлүндү. Окутуунун эң көп талап кылынган багыты Java тили болду.

2020-жылдын 30-ноябрына карата алынган маалымат боюнча программалоо тилинин 4 багыты боюнча беш группа түзүлдү: Java, JavaScript. FrontEnd, Python жана SQL, мындан тышкары айрым угуучулар үчүн социалдык-жоопкерчиликтүү мекеме катары саналган MegaCom компаниясынан билим алуу 100% акысыз болгон бюджеттик негиздеги орундар да каралган.

МААНИЛҮҮ! Сиздерде «MegaCom IT Мектебине» жазылууга дагы да болсо мүмкүнчүлүк бар. Java жана SQL тилдерин үйрөнүү группаларында 8ден орун бар, ошондой эле JavaScript. FrontEnd группасында 2, Python тилин үйрөнүү группасында 1 орун калды.

Курстардын баалары 1 айга 6000 сомдон 8000 сомго чейин. Окутуу мөөнөтүнүн узактыгы тандап алган багытка жараша 2 айдан 9 айга чейин.

«MegaCom IT Мектеп» долбоорунун өзгөчө шыктуу угуучуларына компаниянын Microsoft, Google, ZTE, Huawei сыяктуу өнөктөш мекеме-уюмдарда такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Дүйнөгө аты таанылган компаниялар келечектеги IT-адистердин суроолору боюнча кеп-кеңештерин берип турушмакчы. Такшалмадан өтүүнүн жыйынтыгы менен мыкты бүтүрүүчүлөргө MegaCom компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Программалоо курстары тууралуу кененирээк билүү, курстарда сабак берүүчүлөр жөнүндө жана окуу үчүн билдирме калтыруу боюнча маалыматтарды «MegaCom IT Мектеби» долбоорунун расмий сайты itschool.megacom.kg аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле кошумча маалымат алуу, курстарга жазылуу үчүн 0999 999440 номерине чалыңыздар.

Сунушталган кызматтар

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы