Перейти на новый сайт
«MEGA студенттер үчүн» акциясы – бул акысыз байланыш. Келечек билимдүү жаштардын колунда!

«MEGA студенттер үчүн» акциясы – бул акысыз байланыш. Келечек билимдүү жаштардын колунда!

«Альфа Телеком» ЖАК мектеп мугалимдерин жана окуучуларын акысыз байланыш менен камсыз кылгандыгы баарыбызга маалым. Эми MegaCom компаниясы карантин убагында үйлөрүндө болуп, аралыктан окутуу жолу менен билим алып жатышкан студенттерди да колдоону чечти жана алар үчүн «MEGA студенттер үчүн» акциясын ишке киргизди.

Урматтуу студенттер! MegaCom компаниясы карантин шартында билим кенин казып жаткан студенттерди көз жаздымда калтырган жок жана сиздер үчүн «MEGAСтудент» интернет-топтомун иштеп чыкты. Топтом карантин маалында Кыргызстандын бардыгыңыздар үчүн акысыз көрсөтүлөт.

MegaCom байланышына кошулуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү сайттарына, KelBil жана Google Classroom сервистерине кирүү үчүн акысыз жетки алыңыз. Үйдөн чыкпастан эле окуу материалдарын колдонуп, жаңылыктардан артта калбай, маанилүу маалыматтарды алып, жана да бөлүшүп турсаңыз болот. Кеңири колдонулуучу тиркемелерде баарлашуу жана көңүл ачуу үчүн акысыз интернет-трафик каралган:

  • WhatsApp;
  • Instagram;
  • TikTok.

Дүйнө жүзүнүн көңүл борборун коронавирус тууралуу түрдүү маалыматтар ээлеп турган учур. Өзүнө көңүлдүү маанай тартуулап, бош убактысын кызыктуу өткөрүүнү кааласа, студенттер «MEGAСтудент» акысыз топтомунда төмөнкү оюндар үчүн бериле турган акысыз интернет-трафикти колдоно алышат:

  • PUBG Mobile;
  • Garena FreeFire;
  • BrawlStars;
  • World of Tanks Blitz;
  • Dota 2 жана Dota Underlods;
  • Clash of Clans.

Балансы нөл жана нөлдөн төмөн болгон абалда MegaCom студент-абоненттерине күн сайын түйүн ичинде 10 мүнөт акысыз байланыш берилет.

«MEGA студенттер үчүн» акциясына кошулуңуз да, жакындарыңыз менен чектөөсүз баарлашыңыз, убактыңызды көңүлдүү өткөрүңүз жана билим дүйнөсүнө саякаттаңыз! MegaCom ар дайым сиз менен!

Сунушталган кызматтар

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы