Перейти на новый сайт
MegaCom буюмдар интернетинин (IoT) концепциясын өнүктүрүүгө өз салымын кошууда

MegaCom буюмдар интернетинин (IoT) концепциясын өнүктүрүүгө өз салымын кошууда

MegaCom М2М (машина аралык) өз ара аракеттешүүнүн алкагында тейлөө чөйрөсүндө (банкоматтар, терминалдар, GPS-трекерлер ж.б.) заманбап технологияларды жайылтууга да өзгөчө көңүл бөлүүдө. Компания  «акылдуу үй» системасын ишке киргизүү менен, өз абоненттеринин үйлөрүнүн ыңгайлуу, жайлуу болушуна  өз салымын кошуп жаткандыгын белгилей кетүүгө болот.

Мобилдик оператор буюмдар интернетинин (IoT) концепциясын өнүктүрүүдө  уникалдуу тарифти  гана эмес,  өзгөчө SIM-карталарды да иштеп чыкты. IoT-түзмөктөрдө колдонуу үчүн ылайыкташтырылган жана ысыктан, муздактан, чаңдан  өзгөчө коргоону талап кылган климаттык жана өндүрүштүк татаал шарттарда иштөөгө жөндөмдүү  SIM-карталар  GSM слот менен жабдылган каалаган түзмөктөрдү (сигнализация, камералар, билдиргичтер, жарык берүүчү)  күнү-түнү көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Тарифтик сунуштун алкагында смарт-түзмөктөрдү көзөмөлдөө үчүн туруктуу интернет канал, SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу жеткиликтүү болот. Толук маалыматты Корпоративдик кардарлар менен иш алып баруу бөлүмүнөн алууга болот. Байланыш номери: 0 555 505 091. 

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы