Перейти на новый сайт

MegaCom: 990 жаңы коду сатыкта!

MegaCom: 990 жаңы коду сатыкта!

MegaCom компаниясы  990 жаңы кодун өз абоненттерине сунуштайт.  Бул, албетте, абоненттерибиз үчүн жагымдуу жаңылык болмокчу. Жаттап алууга оңой болгон сандардан жана жаңы коддон куралган  өзгөчө номурдун ээси бол! Туулган жылыңдын, эски номуруңдун сандарын же сүйүктүү сандарыңды камтыган номур тандап алсаң да болот.         

Префиксти ишке киргизүүдөгү даярдыктын алкагында жабдуу текшерилип, тескөө жумуштары аткарылып, жергиликтүү жана чет элдик өнөктөштөргө маалымдалды.  « Сенин  номуруң» кызматынын алкагында сандарды белгиленген айкалышынан турган каалаган номурду тандап алуу үчүн номурлардын базасы даярдалды.

MegaCom түйүнүнүн ичинде номурларды терүү шарттары мурдагыдай эле калтырылат: MegaCom абоненттеринин номурларына чалууларды аткарууда  же SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүдө 0 99х хххххх форматындагы он сандан турган номур терилет, бул жерде  х хххххх – чакырылып жаткан абоненттин коду жана номуру.

9 сандары менен башталган кооз номурдун ээси болгуң келсе, анда мүмкүнчүлүгүңдү колдон чыгарба! Номурлар бардык MegaStore кеңселеринде жана MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда сатыкта.

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы