MegaCom: MegaChat тиркемесиндеги акысыз чалуулар
MegaChat уникалдуу тиркемесин колдонгондордун саны күндөн-күнгө арбып келет. Бул таң калыштуу эмес, себеби бул жаңычыл кызмат абоненттерге болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт:
- Виртуалдык номур үчүн кошумча SIM-карта талап кылынбайт. Смартфонуңузга MegaChat тиркемесин жүктөп алыңыз жана MegaCom абоненти боло элек болсоңуз да, виртуалдык номурга ээ болуңуз.
- Кыргызстандын мобилдик операторлорунун номурларына жана стационардык телефондорго чыккан чалуулар үчүн ыңгайлуу тарифтер каралган. MegaChat тиркемесинде виртуалдык номурларга аткарылган чалуулар АКЫСЫЗ.
- Чат аркылуу болсо, билдирүүлөр, сүрөттөр, видео жана башка файлдар менен алмашууа болот. Сезимдериңизди билдирүү үчүн уникалдуу быйтыкчалар жардамга келет.
- Сервистин жеткиликтүүлүгү – бул дүйнө жүзүнүн каалаган жеринен виртуалдык номурдан «үй» тарифтери боюнча чалуу аткаруу. Жакындарыңыз MegaChat тиркемесин орното элек болсо да, сизге чала алышат. Интернетке кошулуу гана жетиштүү.
MegaChat − MegaChat тиркемесин (Android үчүн Play Market , iOS үчүн App Store) жүктөп алыңыз жана ыңгайлуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз.
MegaChat тууралуу толук маалыматты *780 номуру же расмий сайт аркылуу алууга болот.
MegaCom: MegaChat – сенин виртуалдык номуруң!