Перейти на новый сайт

MegaCom: «Зил» тоо лыжа базасында 2018-2019 кышкы сезону ачылды

MegaCom: «Зил» тоо лыжа базасында 2018-2019 кышкы сезону ачылды 

Кыш ызгаарын тоотпостон таза абада  эс алууну жактыргандар жана спорттун кышкы түрлөрүн сүйүүчүлөр үчүн кубанычтуу жаңылык! Өткөн дем алышта, MegaCom компаниясынын башкы  демөөрчүлүк колдоосу менен, «Зил» тоо лыжа базасында 2018-2019 туристтик  сезонунун ачылышы болуп өттү.

Сезондун расмий ачылыш салтанатына MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Айсулуу Кожанова, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору 
Максат Дамир уулу катышты.

«Кечээ жакында эле MegaCom Караколдо кышкы сезонду ачса, бүгүн «ЗИЛ» тоо лыжа базасында сезондун ачылышына башкы демөөрчү болууда. Мекендештеринин сергек жашоого умтулуусу, спорт менен машыгуусу, өзүн-өзү калыптандыруусу жана  өнүктүрүүсү – MegaCom компаниясынын көңүл борборундагы өзгөчө багыттар. Компания аларды көз жаздымда калтырбайт жана спорт тармагынын өнүгүүсүнө  ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Эс алуучулардын сүйүктүү эс алуу жайларына айланган тоо лыжа базалары MegaCom ишенимдүү байланышы, 4G LTE түйүнү, интернет-кызматтары менен камсыз болгон. Бул, албетте,  ар дайым онлайн болууну каалагандар үчүн ыңгайлуу. Видеороликтерди, түз алып көрсөтүүлөрдү, сүрөттөрдү жакындарына жөнөтүп, жана да  соц.тармактарга жайгаштыруу менен мекенибиздин кооз жаратылышын дүйнө элине тааныта алышат. Көргөн адамдын көз жоосун алган тоолорубуз көптөгөн туристтер үчүн мыкты табылга болуп, жергебизде туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот!», − деп белгилейт MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Айсулуу Кожанова.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктаган соң, бардык каалоочуларды кызыктуу  программа күтүп турду. Конкурстарга активдүү катышкан лыжачылар жана сноубордчулар жагымдуу байгелер жана MegaCom белектери менен сыйланышты.

Жыл сайын Кыргызстандын тоо лыжа базаларында эс алууну каалагандардын катарында кыргызстандыктар гана эмес, чет өлкөдөн келген туристтердин саны да арбып жаткандыгы кубандырат. MegaCom ыңгайлуу тарифтерди, кызматтарды жана тиркемелерди сунуштап, сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүп келет. Маселен, «ХАЙП» тарифин алалы. Аталган тарифтик план өз ичине интернеттин абдан чоң көлөмүн,  түйүн ичиндеги  акысыз чалууларды жана  SMSтерди камтыйт,  мындан тышкары «Одноклассники» социалдык тармагына акысыз трафик каралган. «Элдик S/M/L» жана  «Элдик S/M/L+ ТV» тарифин тандап алсаңыз, Сизге үн байланышы, ыкчам мобилдик интернет жана да акысыз телеберүу жеткиликтүү.      

Иш-чара тууралуу толук фотобаяндама Facebook социалдык тармагындагы компаниянын расмий баракчасында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1