Перейти на новый сайт

MegaCom: «32 ГБ белекке» акциясы уланууда

MegaCom: «32 ГБ белекке» акциясы уланууда

 

MegaCom 4G LTE түйүнүн кеңейтүү менен бирге жүз миңдеген абоненттерине  жогорку ылдамдыктагы интернет менен акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.  

Аптаптуу жайдын аягына чейин уюлдук оператордун абоненттери  4G LTEнин 32 ГБ трафигин белекке алышат.  Бул үчүн *460 (чалуу) буйруусун терүү менен төртүнчү муун түйүнүн кошуп алуу жетиштүү.

Жогорку ылдамдыктагы 4G интернетин кошуп алып, сүйүктүү оюндарыңызды жана  тиркемелериңизди, социалдык түйүндөрдүн баракчаларын, көңүл эргиткен музыканы, жана да дүйнөлүк кино жаңылыктарын саналуу гана секундалардын ичинде жүктөп алыңыз.

Жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясына кошулууда, алгач, түзмөгүңүз  жана  SIM-картаңыз  LTE стандартын колдой тургандыгын текшериңиз.  *460 буйруусун тергенден кийин, системадан «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп келсе, компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна  кайрылып, ал жерден эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына алмаштыра аласыз.

Толук маалымат компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы