MegaComдон «Элдик Интернет» – эл тандоосу!

MegaComдон «Элдик Интернет» эл тандоосу!

Мобилдик интернетсиз жашооңузду элестете аласызбы?-деген суроону замандаштарыбызга берип көрөлүчү. “Жок”- деген жооп ала тургандыгыбыз бышык.       
4G LTE аркылуу  чет өлкөлөрдө жүргөн жакындарыбыз менен баарлашабыз, сатып алган буюмдарыбыз,  коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйбүз, социалдык тармактарга кирип, бардыгынан кабардар боло алабыз. Ушул мисалдардан эле көрүнүп тургандай, кайсы гана жерде болбойлу заманбап кызматтарга муктаж экендигибиз анык.

MegaCom абоненттеринин каалоолорун эске алуу менен, «Элдик Интернет» тарифтик планын иштеп чыккан..  Аны колдонгондордун саны күндөн-күнгө арбып,  абоненттердин көңүлүнө төп келгендиги көп узабай эле билинди. Анын ыңгайлуулугу эмнеде?

Абоненттерге мобилдик интернеттин көлөмү күндөргө бөлүнбөстөн берилет.

 «Элдик Интернет» тарифинин чындыгында эле  ийкемдүү шарттары анын эл тандоосуна арзыгандыгынын башкы себептеринен болсо керек. Ар бир абонент өзүнө ылайык  гигабайттардын көлөмүн тандап алса болот. «Элдик Интернет 90», «Элдик Интернет 130» жана  «Элдик Интернет 170» топтомдору – бул жакындарыңыз менен нон-стоп баарлашуу, жогорку сапаттагы видео-чалуулар, онлайн-оюндар, видеороликтер жана   HD сапаттагы фильмдер.

Мисалы,  «Элдик Интернет 90» топтомун эле алып көрөлүчү. Ал эң үнөмдүү жана бардыгы үчүн ыңгайлуу. Бул таң калыштуу деле эмес! Топтомду тандап алган учурда, Сизге жумасына болгону 90 сом үчүн максималдуу ылдамдыктагы 6 ГБ Интернет, түйүн ичиндеги баарлашуунун 100 мүнөтү  жана 100 SMS берилет.

Ал эми, «Элдик Интернет 130» болсо, көп көлөмдөгү трафикти колдонгондон тышкары, түйүндөн тышкары акысыз чалууларга да басым жасагандар үчүн ылайыкталып иштелип чыккан.  «Элдик Интернет 170» топтому жогорку ылдамдыктагы интернет менен активдүү колдонгон ишкер  абоненттерибиз үчүн каралган. Алар көптөгөн чалууларды  аткарышат эмеспи.  

Зарыл болгон учурда, өзүңүз тандап алган каалаган топтомго турбобаскычты кошуп алып, топтомдун аракет мөөнөтү аяктаганга чейин жогорку ылдамдыктагы интернетти  колдоно аласыз.  

«Элдик Интернет» тарифине өтүү наркы - 60 сом + тандалган топтом үчүн жума сайын алынуучу  абоненттик төлөм. Тариф тууралуу толугураак билүү үчүн  компаниянын расмий сайтын барактаңыз  же  *678 номуруна чалыңыз.

«Элдик интернет» - бул чектөөсүз  интернет!

 

Сунушталган кызматтар

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «SMS 25» топтому роумингде

    кызматы

  • «Ким чалды?»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы