Перейти на новый сайт

MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин майрамы менен куттуктады

MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин майрамы менен куттуктады

Улуу жеңиш күнүн  жана карылар күнүн утурлай, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан,  оорукта эмгектенген ардагерлерди, Ленинград курчоосунда калган  жана концлагерлерге кабылган туткундарды куттуктоо MegaCom компаниясы үчүн салтка айланып калган.

«Тунгуч» театрында уюштурулган  быйылкы жылкы куттуктоо өзгөчө болду. Концерттик номурлар MegaCom компаниясынын адистеринин өз күчтөрү менен даярдалып, компаниянын жамаатында ар тараптуу чыгармачыл кызматкерлер эмгектене тургандыгын далилдеди көрүнөт.  Жагымдуу куттуктоолор  мобилдик оператор колдоого алган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып, алардын өлбөс-өчпөс эрдигин  дагы бир ирет эске салды. Ардактуу меймандар компания кызматкерлеринен турган ыктыярчылардын коштоосунда көрүүчүлөр залынан орун алышты.Алардын ар бирине аяр мамиле жасалып,  майрамдык гүлдестелер тартууланып жатты.

Концерттин соңунда ар бир ардагерге эки миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам тапшырылды.  Ушундай эле майрамдык белек  өлкөбүздун аймагындагы  боюнча MegaCom компаниясы колдоого алган ардагерлер дагы алышат. Бардык каражаттар мобилдик оператордун өздүк бюджетинен бөлүнөт. Адаттагыдай эле, Акысыз байланыш линиясы уюштурулуп, анын алкагында коноктор дүйнөнүн каалаган жериндеги жакындары  менен  байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ардагерлер алдын ала кагазга жазып ала  келген бир туугандарынын, жакындарынын жана майдандаштарынын  номурларына чалышты. Иш-чара аяктагандан кийин, бардык чоң ата, чоң энелер кичи автобустар менен үйлөрүнө чейин жеткирилди.

Жеңиш күнүнүн жана Карылар күнүнүн урматына  карата уюштурулуучу иш-чара быйыл онунчу жыл катары менен өткөрүлүп жатат.  Демек, быйылкы куттуктообуз компания үчүн мааракелүү десек болчудай.  Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган бардык ардагерлер үчүн MegaCom  майрамдык иш-чараларды уюуштуруп, өз бюджетинен акча каражаттарды бөлүп берип келүүдө. Мындан тышкары, абоненттерибиз да 1945 акциясы аркылуу ардагерлерибизге колдоо көрсөтө алышат. Башкача айтканда, SMS жөнөтүү жолу менен  акча каражатын которууга болот.  SMS билдирүүлөрдү 9-майга чейин жөнөтүүгө болот. Иш-чаранын соңунда, топтолгон каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык ардагерлерибизге таратып беребиз. 

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы