Перейти на новый сайт

MegaCom: «Жеке кабинетиңиз» мурдагыдан да ыңгайлуу

MegaCom: «Жеке кабинетиңиз» мурдагыдан да ыңгайлуу

 

Туруктуу өнүгүү жолунда келе жаткан MegaCom үчүн абоненттеринин мүдөөсү алдыңкы орунда турат. Онлайн-сервистин интерфейси сиздердин каалооңуздарды эске алуу менен жакшыртылгандыктан, номуруңуздун жана  MegaCom «Жеке кабинетинин» мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу мурдагыдан да ыңгайлуурак болуп калды.

Сиз номуруңузга кошулган кызматтарды, тарифтик опцияларды жана топтомдорду оңой башкара аласыз, себеби алардын бардыгы максаттуу багытта топтолгон. Мындан тышкары, ар бир мобилдик өнүмдү сүрөттөөдө шилтемелер берилген. Алар өз кезегинде компаниянын расмий сайтына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сиз тарифтик планыңызды алмаштырып, зарыл болгон кызматты же өзүңүзгө жаккан опцияны кошуп кошуп, эсептөөлөрдү,өздүк эсептин балансын жана номуруңуздун статусун текшерип, номуруңуздагы сервистик маалымдоолорду тууралай аласыз.

MegaCom сайтында «Жеке кабинеттин» бардык ыңгайлуулуктарынан пайдалануу үчүн,  системага кирүү,  номуруңузду жана жашырын сөзүңүздү жазуу гана жетиштүү. 0555 акысыз номуруна  SMS жөнөтүү менен жашырын сөздү алууга болот.

www.megacom.kg сайтындагы «Жеке кабинетиңизге» кош келиңиз!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы