Перейти на новый сайт

MegaCom: 32 ГБ мобилдик интернетти АКЫСЫЗ алууга жетишип кал!

MegaCom: 32 ГБ мобилдик интернетти АКЫСЫЗ алууга жетишип кал!

 

MegaCom, абоненттеринин  көп сандаган өтүнүчтөрүн эске  алуу менен,  «32 ГБ БЕЛЕККЕ» супер-акциясын  2017-жылдын 31-мартына чейин узартты. Он миңдеген абоненттери  32 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетин акысыз пайдаланып келишүүдө. Сизди да бул жаңылык кызыктырып жатабы? Анда эмесе, болгону  MegaCom  4G LTE түйүнүн кошуп алыңыз. Кошуу буйруусу: *460 (чалуу).

Көз алдыңызга элестетип көрсөңүз, HD форматындагы 40 фильм, 6000ден ашуун сүйүктүү  ырларыңыз,  WhatsApp-тагы  30 миллиондон ашуун билдирүү, Skype аркылуу  4 000 мүнөткө чейин видеочалууларды   же Viber аркылуу  20 миң  мүнөткө чейинки үн чалууларын аткаруу. Сүрөткө түшүүнү сүйгөндөр болсо, Instagram тиркемесине 153 миңге чейин сүрөт жайгаштыра алышат. Мунун бардыгы  32 ГБ мобилдик интернети аркылуу ишке ашат. Демек, 32 ГБ мобилдик интернети – бул  кыялдарыңыздын орундалышы.

*460 буйруусун тергенден кийин, системадан «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп келсе компаниянын жакын жерде жайгашкан  Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна  же  Фирмалык  салонуна кайрылыңыз. Компаниянын адистери  SIM-карта -ңызды  4G LTE форматындагы жаңы SIM-картага акысыз алмаштырып беришет. Төртүнчү муун түйүнүн ийгиликтүү активдештиргенден кийин 4G түйүнүндө колдонуу үчүн  автоматтык түрдө  32 ГБ мобилдик интернет белекке аласыз.

 Кошумча маалымат менен MegaCom компаниясынын сайты аркылуу таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы