Перейти на новый сайт
MegaCom түйүндүн техникалык өнүгүүсүн улантууда

MegaCom түйүндүн техникалык өнүгүүсүн улантууда

 

Мобилдик түйүндү каптоо боюнча лидер болгон MegaCom өлкөбүздүн баардык аймагында түйүндү кеңейтүү ишин жигердүү улантууда. Ноябрь айында MegaCom адистери түйүндү жакшыртуу боюнча техникалык иштерди аткарды.

Ош облусунун Калинин атындагы айылында, Жалал-Абад облусунун Масадан жана Дөмөр айылдарында жана борбор калаабызда мобилдик түйүндү модернизациялоо иштери аткарылды. Мындан тышкары 3G түйүнүн оптималдоо иштеринин жыйынтыгында Ош облусунун ири базарларынын бири Кара-Сууда MegaComдун жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети жеткиликтүү.

Абоненттердин уюлдук кызматтарга болгон талабын канааттандыруу үчүн компания байланыш кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү иштерин ар дайым улантып келет. Жаңы базалык станциялардын ишке кирүүсү Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде алыс жайгашкан калктуу конуштарда байланыштын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. 

 

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon