Перейти на новый сайт

MegaCom: II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну мобилдик колдонмодо

MegaCom: II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну мобилдик колдонмодо

2016-жылдын көптөн күткөн маданий-спорттук иш- чарасы – II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюну башталаарына болгону 19 күн калды. Уюштуруучулар  келген меймандарды  таң калдыраарына убада беришүүдө. Алардын айтымында, Оюндарды ачуу салтанаты укмуштуудай шаңдуу болмокчу. Билеттерди Бишкек жана Ош шаарларынын расмий сатуу түйүндөрүнөн жана ошондой эле iOS жана Android үчүн «Всемирные Игры Кочевников 2016» мобилдик колдонмосу аркылуу сатып алууга болот. MegaCom II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунун өткөрүүнүн Башкы демөөрчүсү.

«Көчмөндөр оюндары – бул биздин элибиздин мурасы, бул биздин каныбызда сиңген өнөрүбүз. Ошондуктан мен спорттун байыркы түрүн- алышты тандадым. Кыргыздар күрөштө мыкты келээрин далилдеш үчүн күн сайын машыгам – деп кеп учугун улай кетти, I Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунун чемпиону Мырзабек Кочкоров.

Эр эңиш боюнча биринчи Оюндун чемпиону - Нурлан Молдакунов азыркы учурда жаш уландарды машыктырат жана аларды II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнуна даярдап келет: «Илгери ар бир жигит күрөштүн түрүн билген жана ат үстүндө мыкты отурчу. Бул улуттук оюн-зооктун жана аскердик даярдыктын бир бөлүгү эле. Менин көз карашымда Кыргызстандын жаштарын биздин маданий мурастарга өзгөчө көңүл буруусуна салым кошуп, аларды туура тарбиялаш керек»

Сөзүбүзгө аралжы, айлананы шаңга бөлөй турган  ажайып  иш- чаранын катышуучулары жана коноктору  MegaComдун улуттук колоритте жасалган брендделген коллекциялык SIM-карталарын сатып алып жана Nomad опциясын кошо алышат. Опция MegaCom түйүн ичинде жана популярдуу эл аралык багыттарга үнөмдүү чалууларды сунуштайт. Мындан тышкары, алдыңкы байланыш оператору жаңыдан орнотулган базалык станцияларынын жана түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүү иштеринин натыйжасында  Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюунунун көп сандаган конокторун, катышуучуларын жана уюштуруучуларын, ишенимдүү мобилдик байланыш жана Интернет менен камсыз кылат.

Расмий түрдө оюндарга катышуусу тууралуу дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинин спортчулары тастыктады. Мелдештеги этно-спорттун бардык түрү боюнча Кыргызстандын намысын 200дөй спортчу коргойт. Байге фонду 400 миң долларды түзөт, 300дөн ашуун медалдар ойнотулат.

Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon