Shopping Fest Summer 2016: Сизди MegaCom бонустары жана арзандатуулары күтөт.
Салтка айланган Shopping Fest Summer 2016 кайрадан өткөрүлмөкчү. MegaCom мобилдик оператору базарлык кылууну сүйүүчүлөр көптөн күткөн иш-чарада арзандатууларды жана бонустарды тартуулайт. Shopping Fest Summer 2016 12 – 13- август күндөрү түнкү саат 02:00гө чейин Bishkek Park оюн-зоок жана соода борборунда өтөт.
Өз телефонун жаңыртып, өзүнө жана жакындарына керектүү аксессуарларды арзандатуу менен алууну каалагандар үчүн мобилдик оператор тарабынан жагымдуу бонустар каралган. MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө түйүндөрүндө балансын 50 сомго же ашык суммага толуктаган абоненттерди мүнөттөр жана SMSтер белек топтомдору түрүндөгү жагымдуу бонустар күтөт. Сиз жаттаганга оңой жана кооз номурга ээ болуп, өз өз өзгөчөлүгүңүздү баса белгилегиңиз келеби? Ушул күнү гана «Алтын» жана «Күмүш» номурларга 50 пайыздык арзандатуу жеткиликтүү болот.
MegaCom компаниясы өз абоненттерине түрдүү акцияларды, конкурстарды жана жагымдуу бонустарды тартуулап келет. Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчаларда жана #MegaComKg хештеги боюнча жайгаштырылган жаңылыктар түрмөгүн барактап турууну эстен чыгарбаңыз.
Мега-окуялардын борборунда болүңуз!