Перейти на новый сайт
MegaCom «Мегажөнөтмөсү» менен өз ишмердигиңизди өнүктүрүңүз

MegaCom «Мегажөнөтмөсү» менен өз ишмердигиңизди өнүктүрүңүз

«Мегажөнөтмө» - ишкерлер үчүн негизги жардамчы. Эми, тизмедеги ар бир адамга бирден SMS-билдирүү жөнөтүүнүн  кажети жок. Бул көп убакытты алат эмеспи. Ал эми, ишкердиктин башкы мыйзамы баарыбызга белгилүү: убакыт – акча.

Өз кызматкерлериңизге  жумуш графигиндеги өзгөрүүлөр, маанилүү жыйын жана корпоративдик жаңылыктар,  кардарларыңызга акциялар, арзандатуулар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр, ал эми өнөктөштөрүңүзгө  жолугушуулар жана жумуштагы өзгөрүүлөр тууралуу билдириңиз. Бир SMS-билдирүү жана бардыгы маанилүү жаңылыктардын жана окуялардын борборунда болушат!

Бул кызматтын маанилүүлүгү SMS-билдирүүнү жөнөтүүчүнүн номуру сан түрүндө, жана да "Кимден" талаачасында текст түрүндө  да болушу мүмкүн. Жөнөтүүчүнүн ысымын ар бир  SMS-кампания үчүн алмаштырып турууга болот.

Алуучу  SMS-жөнөтмөнү алуучулардын тизмесине өз макулдугу менен киргизилиши керек. Бир алуучу үчүн бир SMS жөнөтүү наркы салыктарды эсепке алуу менен 1,5 сомду түзөт.

«Мегажөнөтмө» кызматынан пайдалануу үчүн, компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен  бул жерден таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Үн почтасы»

    кызматы