Перейти на новый сайт

“Автомаалымдоо” менен балаңыз кайда жүргөнүнө дайым кабардар болуңуз

“Автомаалымдоо” менен балаңыз кайда жүргөнүнө дайым кабардар болуңуз

 

Жай сезону – эс алуу, достор менен сейилдөө, бассейнге түшүү мезгили. Дүйнөнүн заманбап шартында ата-энелерге өз балдарына улам чалып, кайда жүргөнүн тактап туруу зарыл эмес. “Автомаалымдоо” кызматын тууралоо белгиленген убакытта баланын кайсы жерде жүргөнү тууралуу маалымат алууну шарттайт.     

Сиз кам көргөн жакын адамдарыңыздын телефон номурун *089*055Ахххххх# буйруусун терүү аркылуу тизмеге кошуңуз. Текшерүүгө алардын макулдугун алыңыз – бул үчүн кабыл алынган сурамга 1 санын камтыган SMS-билдирүү жөнөтүү же *088*055Ахххххх# буйруусун терүү зарыл. Балаңыз кайда жүргөнү жөнүндө бардык маалымат, Кыргызстандын электрондук картасына болгон шилтеме менен бирге кыска SMS-билдирүү түрүндө келет. Интернет-картаны көрүүдө тарифтөө жүргүзүлбөйт.

Маалымдоо автоматтык түрдө күн сайын дүйшөмбүдөн ишембиге чейин жүргүзүлөт. Көзөмөлгө алынган тизмеге эң көп 10 адамды кошууга мүмкүн. Кызмат MegaCom түйүнүндө гана иштейт жана телефондордун эң жөнөкөй моделдеринде кошуу үчүн жеткиликтүү. Кызмат жөнүндө кошумча маалыматты *89 кыска номуру боюнча же www.megacom.kg сайтынан алууга мүмкүн.

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы