Перейти на новый сайт
MegaСomдун кызматкерлери Top Talents долбоорунда катышышты

MegaСomдун кызматкерлери Top Talents долбоорунда катышышты

MegaСom компаниясынын кызматкерлери, үстүбүздөгү жылдын 2-майында аяктаган Top Talents жаштар долбоорунда катышты.

Аталган долбоордун алкагында Youth to Business аттуу жаш ишкерлер форуму өткөрүлүп, компаниянын Маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Лехтман кызматкерлердин эмгекке болгон умтулуусун жана демилгелүүлүгүн арттыруу жана мыкты кызматкерлерди даярдоо жөнүндө айтып берген. Top Talents билим берүү долбоору AIESEC эл аралык студенттик ассоциациясы тарабынан өткөрүлүп келет. Долбоор таланттуу жаштарга сапаттуу альтернативдик билим алып, жеке жоопкерчилигин жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Форум аяктаган соң, бизнес-кейстердин эффективдүү чечимдерин иштеп чыккан студенттерге белектерди тапшыруу аземи болуп өттү. MegaCom компаниясы колдоп келген эки студенттик командасы, мобилдик байланыш операторунун азем белектери жана дипломдору менен сыйланып, ал эми иш чаранын эң активдүү катышуучулары Хорябина Анастасия жана Магарова Лола белекке смартфондорду алышты.

Top Talents долбоорунун жыйынтыгы боюнча, компания тарабынан бизнес-кейстердин мыкты чечимдерин иштеп чыккан студенттер менен келечекте жигердүү кызматташуу суроосу каралууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы