Перейти на новый сайт
MegaCom кызматкерлери телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты

MegaCom кызматкерлери телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты

MegaCom компаниясынын кызматкерлери телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРдин Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан жогорку баага татыктуу болушту. Бүгүн, 2015-жылдын 7-майында аталган жаатта эмгектенип келе жаткан мыкты кызматкерлерге сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев чогулгандарга куттуктоо сөзүн жолдоду.

Тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн атайын Ардак грамоталары менен MegaCom компаниясынын төмөндөгү кызматкерлери сыйланышты:

  • Азат Базаркулов – «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору;
  • Сергей Шурховецкий – Транспорттук тармагын өнүктүрүү бөлүмүнүн оптикалык түйүндү өнүктүрүү боюнча жетектөөчү инженери;
  • Максим Ткачев – Эсептөөчү техника бөлүмүнүн Unix системалык башкаруу боюнча жетектөөчү инженери;
  • Ольга Статьина – Ички көзөмөл бөлүмүнүн кредиттик көзөмөлдөө боюнча жетектөөчү адиси.
  • Раушан Белекова – Роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси;

Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, телекоммуникация тармагында көптөгөн жылдар бою эмгектенип келе жаткан адистердин эмгегине татыктуу баа берилип келет. Алардын көпчүлүгү кесипти аркалап, бай тажрыйба топтоого жетишкен.

Сөзүбүзгө аралжы, MegaCom компаниясынын алгачкы абоненти чалуу аткаргандан тарта 9 жылдан ашыгыраак убакыт өттү. Ушул убакыттын ичинде тармак тынымсыз өнүгүп, бүгүнкү күндө MegaCom тармагы республикабыздын калктуу аймагын 98 пайызга камтыйт. Жаңы технологияларды байма-бай ишке киргизүү менен, үч миллиондон ашуун абонентке сапаттуу байланыш кызматтары сунушталууда.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы