Перейти на новый сайт
MegaCom’дон «Автотөлөм»: жакындарыңыздын балансын автоматтык түрдө толуктаңыз!

MegaCom’дон «Автотөлөм»: жакындарыңыздын балансын автоматтык түрдө толуктаңыз!

Бир же андан көп номурдун балансын автоматтык түрдө толуктап турууну каалайсызбы? MegaCom’дун «Автотөлөм» жаңы кызматынан пайдаланыңыз.

Аталган кызмат жакындарыңыздын балансында 10 сомдон кем каражат калган учурда, Сиздин мобилдик эсебиңизден белгилеген суммага алардын балансын автоматтык түрдө толуктоого шарт түзөт. Бул учурда, Сизге каражатты ийгиликтүү которуу жана дагы каражат алуучуга балансты толуктоо тууралуу SMS-маалымдоо жөнөтүлөт. Кызмат абоненттик төлөмсүз жана кошууну талап кылбайт. Каражатты жөнөтүүчү үчүн комиссия, которуу суммасынан болгону 2 пайызды түзөт. Мындан тышкары, жакын адамдын балансы тууралуу кабардар болуу үчүн «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо» акысыз кызматын кошуп, убагында анын балансын толуктап турууга болот.

«Эң кызыктуусу, көбүнчө шашылыш чалуу аткаруу зарыл болгондо баланста каражат түгөнгөнүн эстейбиз. Ал эми жакын жерде балансты толуктоого мүмкүн эмес же убакыт жетишсиз. MegaCom’дун «Автотөлөм» кызматын кошуп, мындай жагдайлардын алдын алууга болот», - деп өз сөзүндө белгилеп өттү, оператордун Маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Кызмат тууралуу толук маалымат менен www.megacom.kg расмий сайтынан таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • Планер

    кызматы