Перейти на новый сайт
MegaComдун колдоосу менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон бизнес- тренер Брайан Трейси Кыргызстанга келет

MegaComдун колдоосу менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон бизнес- тренер Брайан Трейси Кыргызстанга келет

Кыргызстанга дүйнө элине чечендик өнөрү, бай тажрыйбасы менен таанымал болгон бизнес-тренер Брайан Трейси келмекчи. Анын катышуусунда «Эң жогорку чекке жетүү : жеке жана кесиптик ийгиликтерге жетүүнүн ачкычы» деген аталыштагы семинар өткөрүлөт. Башкы өнөктөш MegaCom компаниясынын колдоосу менен өткөрүлө турган иш-чаран 2015-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында болот.

Брайан Трейси – дүйнө элинин кеңири катмарына миллиардер катары гана белгилүү болбостон, бизнес, өзүн-өзү реализациялоо, сатууларды башкаруу, лидерлик жана өз убактысын туура пайдалана билүүгө байланышкан бир катар эмгектердин жана аудиопрограммалардын автору. Бул багытта жарык көргөн 70тен ашык китептери көптөгөн тилдерге которулуп, бестселлерге айланган. Трейси 6 континенттин 70тен ашуун өлкөлөрүндөгү ийгиликтүү компанияларда ушундай багыттагы семинарларды өткөрүп, баалуу кеңештерин берип келет.

Кыргызстандын эң көп тираждуу басылмасынын версиясы боюнча 2014-жылдын эң мыкты менеджери деп табылган MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов эксклюзивдүү тренингди өткөрүүгө көмөктөшүү чечими тууралуу буларды баяндады: «Бул семинар -жаңы долбоорлорду кыска мөөнөттүн ичинде иш жүзүнө ашыруу жана каржылык көзкарандысыздык, өз ишин пландаштыра билүү боюнча баалуу кеңештерди алуу жана эң негизгиси жаңы идеяларга сугарылуу. Телекоммуникация тармагынын алдыңкы компанияларынын катарын толуктаган MegaCom зор ийгиликтерге жетишкен жана ийгилик сырлары менен бөлүшө билген адамдар менен карым-катнаш көпүрөсүн куруп келет. Мындай баарлашуулар күнүмдүк жашоодогу кадыресе көрүнүштөргө жаңыча көз караш менен кароого үйрөтөт».

Ишенимдүү уюлдук оператор билим берүү жаатындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүү менен, компаниянын пайдубалы менен кошо түптөлгөн өнүгүү, кынтыксыздыкка умтулуу, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуу сыяктуу баалуулуктарын көз жаздымда калтырбай келүүдө.
Уюштуруучулар белгилегендей,

Брайан Трейсинин көптөгөн ири корпорациялар, ишкерлер жана жетекчилер менен иш алып барган бай тажрыйбасы баяндала турган уникалдуу автордук семинарына катышууну каалагандар билеттерди сатып ала башташса болот. Брайан Трейсинин кыргызстандыктар үчүн атайын жазылып алынган расмий кайрылуусун көрүңүздөр. Толук маалымат иш-чара тууралуу баракчада.
 

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы