Перейти на новый сайт
“Күч атасын тааныбайт ” же MegaCom дзюдо боюнча II Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктады

“Күч атасын тааныбайт ” же MegaCom дзюдо боюнча II Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктады

Кожомкул атындагы спорт сарайында «Дордой» Ассоциациясынын кубогу үчүн дзюдо боюнча өткөрүлгөн II Эл аралык турнирдин алкагында үч күндүк мелдеш болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Олимпиада-2016 Кыргызстандын курама командасынын башкы өнөктөшү катары өлкөдөгү маанилүү спорттук иш- чараларды үзгүлтүксүз колдоону колго алган MegaCom бул турнирди да көз жаздымда калтырбастан, жеңүүчүлөргө фирмалык азембелектер түрүндөгү сыйлыктарды тапшырды.

Мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен кыргызстандык спортчулар, эң күчтүү деп саналган үч команданын катарын толуктагандыгы мактоого татырлык. Мырзалар ортосундагы таймаштын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: биринчи орунду КРдин курамасы, экинчи орунду «Динамо» СК жана үчүнчү орунду «СеверТрансГаз» командасы ээледи. Ал эми спортчу айымдардын ичинен алтын медалга КРдин курамасы, экинчи орунга «Динамонун» дзюдочулары, ал эми коло сыйлыкка Кыргыз Түрк «Манас» Университетинин айымдар командасы татыктуу болушту.

Аталган таймашка мекенибиздин булуң-бурчунан келген жана Казакстан, Тажикистан, Иран, Ооганстан, Монголия жана Орусия Федерациясынын 300гө чамалуу дзюдочулары күч сынашып, спортчу жигиттерибиз жана кыз-келиндерибиз салмак категориясына жараша ат салышты. КРдин Дзюдо Федерациясынын өкүлдөрү белгилегендей, турнирди өткөрүүдөгү башкы максат дзюдону жайылтуу гана эмес, сергек жашоого үгүттөө менен да тыгыз байланышкан.

MegaCom – спорт, сергек жашоо жана чемпиондор үчүн!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы