Перейти на новый сайт

MegaCom Кочкор айылында жаңы фирмалык салонун ачты

MegaCom Кочкор айылында жаңы фирмалык салонун ачты

MegaCom компаниясы Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган филиалдык түйүнүн кеңейтүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Алдыңкы оператордун Фирмалык салондор тизмесин дагы бир калктуу конуш – Нарын облусундагы Кочкор айылы толуктады.

Жаңы Фирмалык салондо, Кочкор айылынын тургундары жана меймандары байланыш кызматтарынын негизги түркүмү менен пайдалана алышат, анын ичинде, түйүнгө кошулуу, тарифтик планды жана номурду тандоо жана алмаштыруу, кошумча байланыш кызматтарынан пайдалануу жана аларды номуруна кошуу. Мындан тышкары, байланыш оператору менен келишим түзүп, номурду каттоодон өткөрүүгө болот.

Адаттагыдай жаңы Фирмалык салондун ачылышына карата, компания атайын акциянын алкагында, 3нөн 12-февралга чейин, жаңы Фирмалык салондон 50 сомго же андан ашык суммага өз балансын толуктаган абоненттер 10 күнгө түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон акысыз 50 SMSти белекке ала алышат. Абонент аталган шартта өз балансын толуктаган сайын бонустун аракет мөөнөтү 10 күнгө узартылат. Бонустун абалын *505# буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот.

MegaCom компаниясынын Кочкор айылындагы Фирмалык салону меймандарын Орозбак көчөсү («Шумкар» базарынын жанында) дареги боюнча күтөт. Иштөө убактысы саат 09:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин, жекшемби – дем алыш күнү.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы