Перейти на новый сайт

MegaCom менен балалыкка саякат

MegaCom менен балалыкка саякат

Балдарды коргоо күнүнө карата, компания уюлдук оператор тарабынан камкордукка алынган Ош шаарындагы № 12 көмөкчү мектебинин тарбиялануучуларына майрамдык маанай тартуулады.

Майрамдык кечеге келген бөбөктөр жана алардын ата-энелери көңүлдүү конкурстар, оюндар менен коштолгон оюн-зоок программанын күбөсү болушуп, майрамдык дасторкондон даам татып, кызыктыруучу байгелердин ээси болушту.

Жеткинчектер созолонто ыр ырдап, чимириле бий бийлеп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып өз таланттарын көрсөтүүгө ашыгып жатышты. Бардык тарбиялануучуларга MegaCom компаниясынын Ош аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан атайын белектер - китептер жана оюнчуктар тартууланды. Камкордукка бөлөнүп, жүзүнөн кубаныч төгүлгөн бөбөктөрдүн бардыгына балалыктын даамы болгон балмуздак таратылды.

Жыл сайын MegaCom компаниясы өлкө боюнча камкордукка алынган балдар мекемелерине даректүү жардам көрсөтүп келет. Салтка айлангандай эле, балдарды коргоо күнүнө карата медициналык жабдуу, эмерек, техника, өздүк гигиена каражаттары, таттуулар түрүндөгү белектер Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реабилитациялык борборунун, К.Акназаров атындагы Нарын жатак-үйүнүн, Жалал-Абад психоневрологиялык интернатынын тарбиялануучуларына берилди. Талас шаарынын жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрү да көз жаздымда калтырылбастан, 300 бөбөккө белектер тапшырылды.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы