Перейти на новый сайт

MegaCom түштүк калаабызда тейлөө аймагын кеңейтип келет

MegaCom түштүк калаабызда тейлөө аймагын кеңейтип келет

Өз абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн кам көргөн MegaCom мобилдик оператору Ош шаарында кезектеги сатуу жана тейлөө борборун ачты.

Ош шаарында ачылган сатуу жана тейлөө борборунда көңүлдүү музыка коштогон жагымдуу жагдайда жаңы тейлөө борборунун ачылышы болуп өттү. Жаңы борбордун дареги: Ош ш., Масалиев пр. 48А, «Ош-Сити» соода борбору, «Келечек» буюм (жайма) базарынын аймагында жайгашкан.

Аталган СТБ иштей баштаган алгачкы эле күнү ондогон калаа тургундары жана меймандары борбордун босогосун атташты. Алар тейлөө келишимин түзүп, SIM-карта сатып алып же алмаштырып, балансты комиссиясыз толтуруп, зарыл болгон тескөөлөрдү жүргүзүп жана компаниянын кесипкөй адистеринен кеңеш алып жатышты.Бардык абоненттерге жагымдуу сырбелектер, майрамдык даамдар жана «Бонус SMS» акциясынын алкагындагы акысыз смстер тартууланды.

Ачылыш аземге карата, жаңы борбордон тармакка кошулган жана балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган абоненттер 10 күндүн аралыгында түйүн ичиндеги 50 акысыз SMSке ээ болушат. Бонустун абалын *505# номуру аркылуу текшерүүгө болот. Акция 2014-жылдын 15- майына чейин уланат.

Жаңы борбор өз абоненттерин күн сайын саат 8:30дан 19:30га чейин күтөт.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • SmartBook

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы