Перейти на новый сайт

MegaCom Майлуу-Сууда жаңы Фирмалык салонун ачты

MegaCom Майлуу-Сууда жаңы Фирмалык салонун ачты

Майлуу-Суу шаарынын Ленин көчөсүндөгү № 54 үйдө MegaCom Фирмалык салону ачылды.

Жаңы салондо MegaСom кызматтарынын толук топтому сунушталат: тармакка кошулуу, тарифтик планды тандоо, төлөмдөрдү жүргүзүү, тарифтик планды же номурду алмаштыруу, кошумча байланыш кызматтарын кошуу жана колдонуу боюнча кесипкөй адистердин кеңешин алуу.

Жаңы фирмалык салондун ачылышына карата, атайын өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында, үч күн ичинде б.а. 2013-жылдын 6-8-ноябрларында, өз балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган Майлуу-Суу шаарынын тургундары жана меймандары учурда түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон 20 SMSти 10 күнгө ала алышат. Ал эми жаңы SIM-карта сатып алган учурда, 30 SMS бонусу автоматтык түрдө 10 күнгө берилет. Балансын 50 сом же андан ашык суммага дагы толуктаган учурда бонустар суммаланып, иштөө мөөнөтү балансты толуктаган күндөн тарта 10 календардык күнгө узартылат.

Фирмалык салондордун даректери тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы