MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 15-августта, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Бишкек шаарындагы Шопоков, Интергельпо жана Фучик көчөлөрү;
- Чүй облусунун Кант шаары жана Красная Речка айылы;
- Нарын облусунун Түлөк, Акмуз айылдары жана Нарын шаарындагы Аламышык көчөсү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы