Перейти на новый сайт

MegaCom: “Мейкин Азия ” фестивалында ат салышкан сүйүктүү ырчыларыбыз үчүн добуш бериңиз.

MegaCom: “Мейкин Азия ” фестивалында ат салышкан сүйүктүү ырчыларыбыз үчүн добуш бериңиз.

“Мейкин Азия” эстрада ырларынын Биринчи эл аралык фестивалынын көрүүчүлөрү каалаган ырчысына өз добушун бере алат. MegaCom компаниясы тарабынан демилгеленген добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча , эң көп добуш алган катышуучуга улуттук мобилдик оператордун баш байгеси тапшырылат. Добуш берүү үчүн аткаруучунун номурун камтыган SMS-билдирүүнү 8888 кыска номуруна жөнөтүү зарыл.

Көңүл буруңуздар! Кызмат Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн жеткиликтүү. SMS наркы, MegaCom абоненттери үчүн, салыктарды эсепке алганда болгону 1 сомду түзөт. Добуш берүү 18-20-июлда КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлүп, жыйынтыгында көпчүлүктүн көңүлүнө төп келген аткаруучу аныкталат. Компаниянын (www.megacom.kg) расмий сайты аркылуу жаңылыктардын борборунда болуңуз.
01. Азим уулу Адилет (Кыргызстан)
02. Гульназ Батталова (Татарстан)
03. Нида Шан (Түркия)
04. Дарья Лаврова (Саха-Якутия)
05. Субанкулов Нуржигит (Кыргызстан)
06. Христина Дорошенко (Россия)
07. Османи Идальго Альмодобаль жана Семей Гонсалез Хименез, «Карибе сом» дуэти (Куба)
08. Алишер Каюмов (Өзбекстан)
09. Элзат Төлөгөнова (Кыргызстан)
10. Bayu Citra Raharja (Индонезия)
11. Алина Киракосьян (Армения)
12. Владислав Левицкий (Украина)
13. Нурбакыт Разаков (Кыргызстан)
14. Димаш Кудайбергенов (Казакстан)
15. Амил Маммедов Хасан (Азербайжан)
16. Курал Чокоев (Кыргызстан)
17. Сабина Шамсэд (Тажикстан)
18. Гонг Дзенг (Кытай)
19. Айше Эртугрул Инан (Түркия)
20. Рустам Исмаилов (Кыргызстан)
21. Chei Leen Kim (Түштүк Корея)
22. Гүлнар Дамаева (Казакстан)
23. Нэна (Кыргызстан)
24. Скориков Александр (Россия)
25. Jhen, Dhaykie, Michelle трио «Miso Band» (Филиппиндер)
26. Ислам Акматов (Кыргызстан)

Жогоруда айтылгандай, MegaCom улуттук мобилдик оператору жаш аткаруучулардын «Мейкин Азия» Эл аралык фестивалына башкы демөөрчү болду. Уюштуруучулардын айтымында, миңдеген музыка сүйүүчүлөр үчүн мыкты табылга болгон фестивалдын көңүл чордонунда туризм жана маданият болмокчу.
Бүгүн, 18- июлда, саат 20:00дө Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунун сахнасында алгачкы обондор жаңыра баштамакчы. Нечендеген таланттарга музыка дүйнөсүнүн каалгасын ачып берген ыйык көлдүн жээгинде өтүүчү кезектеги шоу-программа көрүүчүлөргө эстен кеткис сезимдерди тартууламакчы.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы