Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясынын өкүлдөрү АБКнын байланыш администрация башчылар Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.

MegaCom компаниясынын өкүлдөрү АБКнын байланыш администрация башчылар Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.

Кечээ, 18-июлда, Аймактык байланыш кызматташтыгынын администрация башчыларынын 48-Кеңешинин (АБК АБ) жана Аймактык байланыш кызматташтыгынын алдындагы информатизациялоо боюнча КМШ өлкө-катышуучуларынын 19-Координациялык кеңешинин биргелешкен отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов “Mega Билим” корпоративдик билим берүү долбоорунун алкагында, Кыргызстандын мектептерин компьютерлештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу баяндама жасады. 

Долбоордун негизги максаты-өлкөбүздүн жалпы билим берүүчү мекемелерин компьютерлештирүү жана аларга интернетке чыгууга шарт түзүү менен республикабыздын билим берүү системасынын өнүгүүсүнө салым кошуу жана окуучуларга жана мугалимдерге заманбап билим берүү технологиялары тууралуу түшүнүк берүү. Азыркы учурда, долбоордун алкагында 143 мугалим окутулуп, 7 компьютерден, атайын эмеректен, Интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн USB-модемден жана SIM-картадан турган компьютердик комплектилер менен 139 мектеп жабдылган. 

Бардыгы болуп өлкөбүздүн 143 мектебинде информатика класстары ачылмакчы, бул көрсөткүч Кыргызстандын мектептеринин 7 пайызы дегенди билдирет. Буга чейин, КРдин билим берүү жана илим Министрлиги, Азия өнүгүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан колго алынып келген маселелерди чечүүгө MegaCom компаниясынын да белсене киришүүсү, жалпы коомчулуктун, жергебиздин айыл-кыштактарынын көйгөйлөрүн чечүүгө ири бизнестин кайдыгер эместигин дагы бир ирет тастыктады. 

 
 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы