Перейти на новый сайт
MegaCom – ийгилик чыйыры!

MegaCom – ийгилик чыйыры!

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 29-июндан 6-июлга чейин жабык имаратта өткөрүлгөн 4-Азия оюндары биз үчүн жемиштүү болду десек жаңылышпайбыз. Таймашка катышкан 45 өлкөнүн спортчулары спорттун 12 түрү боюнча күч сынашты. Мекен намысын коргоо үчүн мелдешке аттанган Кыргыз Республикасынын спорт чебери - Алексей Федосеев жеңиш менен кайтып келди.

Мелдештин жүрүшүндө 63,5 кг чейинки салмактык категорияда күч сынаган А. Федосеев финалда 2:1 эсеби менен атаандашы түштүк кореялык Хунвоо Юну өз мекенинде жеңип алып алтын медалга ээ болду. Сыйлыгын алаарда эл алдына кыргыздын улуттук ак калпагын сыймык менен кийип чыккан Алексей мекенинин чыныгы уулу экенин көрсөтө алды. Мурдагы жеңиштеринин күбөсү болгон көптөгөн сыйлыктарынын катарын Азия оюндарынан жеңип алган алтын медалы толуктады.

“Сакадай бою сары алтын “ деген накыл сөздүн бекер айтылбагандыгын дагы бир жолу далилдеген Алексейди кесиптештери кубануу менен кучак жая тосуп алышты. «Кесиптештеримдин мени шаңдуу маанай менен тозуп алгандыгы мени абдан толкундантты. Алардын колдоосу мени келечектеги жеңиштерге шыктандырып келет, мага колдоо көрсөтүп жаткан сүйүктүү MegaCom компаниясына жана жамаатташтарыма ыраазычылыгымды билдирем!»- дейт Алексей өз сөзүндө.

Маалымат: Алексей Федосеев – Кыргызстандын Эл аралык класстагы спорт чебери, профессионалдар арасында Европанын чемпиону, 2010-2011-жылдардагы Евразиянын чемпиону, кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, кармашуу боюнча төрт жолу чемпион, Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү, “Алтын илбирс” жана К-1 версиясы боюнча кубокторунун ээси, 2011-жылы WBKF версиясы боюнча интерконтиненталдык чемпион, 2012-жылы WBKF жана W5 версиясы боюнча дүйнө чемпиону. Түштүк Корея оюндарында Азиянын Олимпиада кеңешинин мүчөлөрү болгон 45 өлкө катышкан. Жабык имарат ичинде өткөрүлгөн Азия оюндары – ар бир эки жыл сайын Азия өлкөлөрүнүн мушкерлери ортосунда өткөрүлө турган, олимпиада программасына кирбеген көрүнүктүү оюндар.

Корпоративдик социалдык жоопкерчиликке өзгөчө маани берген MegaCom компаниясы билим берүү, спорт, маданият жана социалдык чөйрөдөгү ар кыл долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келет. Республиканын алдыңкы уюлдук оператору, спорт жаатында өлкөбүздүн намысын коргоп келе жаткан атактуу спортчуну колдоп келсе, ал эми компания кызматкерлери “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши демекчи”, Алексей менен кесиптеш экендигине сыймыктанышат.

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon