Перейти на новый сайт

Уюлдук оператор мекенибиздин мыкты салык төлөөчүсү наамына татыды

Уюлдук оператор мекенибиздин мыкты салык төлөөчүсү наамына татыды

Үстүбүздөгү жылдын 1- июлунда, «Альфа Телеком» ЖАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамына ээ болду. Компаниянын мамлекет казынасынын киреше бөлүгүн толтуруудагы жигердүү салымын жана да Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так жана үлгү болоорлук аткаргандыгы үчүн ушундай жогорку баага татыктуу болгондугу шексиз. 

2012-жылдын 12 айы үчүн жана 2013-жылдын 5 айы үчүн компания тарабынан салык жана башка төлөмдөр түрүндө мамлекет казынасына которгон каражаттары 1 млрд. 413 млн. сомду жана 647 млн. сомду түздү. Аталган төлөмдөр салык төлөмдөрүн жана КРдин Социалдык фондуна которулган чегеримдерди өз ичине камтыйт. Мындан тышкары, 2012-жылдын 12 айы үчүн Мамлекеттик байланыш агенттигине милдеттүү төлөмдөр түрүндө төлөнгөн каражаттын өлчөмү 115 млн. сомду түзсө, 2013-жылдын 5 айы үчүн 49 млн. сомду түздү.

“Заманбап бизнестин эрежелерине ылайык өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан компания табылган кирешени компаниянын өнүгүүсүнө гана эмес, коомубуздун өнүгүшүнө, демек өлкөбүздүн келечегине жумшоодо. Маалымат технологиялар заманында мезгилге шайкеш кадам шилтеген MegaCom кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш менен камсыздап келет. Бизге тапшырылган бул кадырлуу сыйлык, өнүгүүнүн туура жолун тандаганыбызды айгинелеп, кесипкөй адистерибиздин эмгегинин көз жаздымда калбай тургандыгынан кабар берип турат”, - деп белгилей кетти, “Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов.

Кайрымдуулук жана социалдык багыттагы долбоорлор компаниянын корпоративдик стратегиясында орчундуу орунду ээлейт.
Быйыл компания Кыргызстандын байланыш тармагындагы ишмердүүлүгүнүн 7 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө, уюлдук оператор тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан байланыш кызматтары ири шаарларды гана эмес, жергебиздин алыскы аймактарын да кучагына алып, эбегейсиз чоң уюлдук байланыш тармагынын негизи түптөлүүдө.

MegaCom – жаңы мүмкүнчүлүктөр убактысы!

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Ачык эсеп. Эскертүү чеги»

    кызматы