Перейти на новый сайт

MegaCom түштүк аймакта кезектеги фирмалык салонун ачты

MegaCom түштүк аймакта кезектеги фирмалык салонун ачты

MegaCom фирмалык салондорунун саны көбөйүп, MegaCom компаниясы көрсөтүп жаткан байланыш кызматтарынан пайдалануу ыңгайлуу болуп калды. Сөзүбүз кургак болбош үчүн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында ачылган жаңы фирмалык салонду мисал келтире кетели.

«Ала-Бука айылынын жана ага чектеш жайгашкан кыштактардын 90 миңден ашуун тургундарынын жарымынан көбү улуттук уюлдук оператордун сапаттуу байланыш кызматтарынан пайдаланууну каалашат, - деп белгиледи Жалал-Абад облусундагы аймактык кеңсенин жетекчиси Татьяна Исмаилова, – Эми жогоруда аталган аймактын жана коңшу айылдардын жашоочулары мындай мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышат.

  • Компания көрсөткөн административдик кызматтардан пайдалануу;
  • Балансты комиссиясыз толуктоо;
  • Компаниянын кызматтары жана тарифтери жөнүндө маалымат алуу;
  • Сим-карталарды алмаштыруу, кайрадан калыбына келтирүү, башка адамдын наамына жаздыруу ж.б. кызматтар көрсөтүлөт.

Уюлдук оператордун кезектеги өкүлчүлүгүнүн ачылышын утурлай, 20-21-июнь күндөрү, жаңы фирмалык салондон 50сомго же андан ашык суммага балансын толуктаган ар бир абонентке, MegaCom компаниясы, 10 күндүк мөөнөттө түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон 20 акысыз SMS бонусун тартуулайт! Ал эми, жаңы SIM-карта сатып алгандарга 30 акысыз SMSти камтыган бонустук топтом берилет. Эгерде абонент үч күндүн ичинде жаңы фирмалык салондон балансын кайрадан толуктаса, акысыз SMSтер суммаланып, алардын иштөө мөөнөтү балансты акыркы жолу толуктаган учурдан тарта 10 календардык күнгө узартылат.

Бонус абалын *505# номуру боюнча текшерүүгө болот.

Ала-Бука айылындагы базар аймагындагы Ленин көчөсү, 51-үйдө жайгашкан жаңы фирмалык салон өз абоненттерин күнүгө 8:00дөн 17:00гө чейин күтөт (түшкү тыныгуусуз жана дем алышсыз).

MegaCom – сенин мобилдик операторуң!

Сунушталган кызматтар

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы