MegaCom маалымдайт
Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 7-июнда төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:
- Нарын облусунун Нарын шаарындагы Чоланыш, Чыргайлуу/Рыскулов, Качконов көчөлөрү, Кара-Жайлоо, Дөбөлү,Чет-Нура, Таш-Башат айылдары;
- Чүй облусунун Кош-Дөбө, Предтеченка, Сретенка, Петровка айылдары, Сокулук айылындагы мечит, Ленин жана Эркиндик көчөлөрү жайгашкан аймактар камтылат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы