Перейти на новый сайт

MegaCom Android үчүн «МегаЖардамчы» колдонмосун киргизди

MegaCom Android үчүн «МегаЖардамчы» колдонмосун киргизди

«МегаЖардамчы» жаңы мобилдик тиркемесинин көмөгү менен бардык актуалдуу маалыматты бардыгына белгилүү PlayMarket кызматы аркылуу жүктөп алууга болот.

Өз телефон номурун башкаруу эми абдан оңой болуп калды! Эми, телефонуңуздун жардамы менен:

  • тарифтик планды алмаштыруу,
  • өз төлөмдөрүн текшерүү,
  • эсепти толтуруу,
  • MegaMusic кызматынын жардамы менен обондорду угуу жана кошуу
  • компаниянын жаңылыктары менен ыкчам таанышуу
  • жана башка иш-аракеттерди тез аткара аласыз.

Мындан тышкары, компания көрсөткөн байланыш кызматтарына кошулуу буйрууларын “МегаЖардамчы” колдонмосунан оңой эле таап алууга болот.

Абоненттерге байланыш кызматтарын башкарууга шарт түзгөн колдонмо Кыргызстанда алгач иштелип чыгып жана ишке киргизилген. Бул жаатта, MegaCom уюлдук операторлордун ичинен биринчилерден болуп саамалыкты колго алды. Компаниянын маркетингдик саясатында абоненттердин каалоолору жана муктаждыктары эске алынып,анын негизин ачык жана жөнөкөй принциптер түзөт. Жакын арада,абоненттерибиз “МегаЖардамчы” колдонмосунун негизги артыкчылыктарын баамдай алышат деп ишенем”, - деп белгиледи, MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев

“МегаЖардамчы” – MegaCom дүйнөсүндөгү Сиздин жеке кеңешчиңиз. 

 

Сунушталган кызматтар

  • Нумеролог

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы