Перейти на новый сайт

MegaCom «Сен кайдасың?»уникалдуу кызматын сунуштайт

MegaCom «Сен кайдасың?»уникалдуу кызматын сунуштайт

MegaCom «Сен кайдасың?» уникалдуу кызматын ишке киргизди. Аталган кызмат Кыргызстанда алгачкы жолу киргизилип жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Эми, Сиз аталган кызматтын жардамы менен жакындарыңыздын, досторуңуздун кайсы жерде экендигин тез эле аныктай аласыз.

Мекенибиздин калк отурукташкан аймагынын 95 пайызын камтыган MegaCom уюлдук тармагы, изделип жаткан абоненттин турган жерин OpenStreetMap электрондук картасынын жардамы менен аныктоого жана текст түрүндөгү билдирүү алууга шарт түзөт.

“Кызмат мектепке чейинки жана мектепте окуган өспүрүм балдары бар үй-бүлөлөр үчүн пайдалуу экени шексиз. Ар бир ата-эне үчүн балдарынын кайда жүргөнүн билүү өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, абоненттерибизге жаңы кызмат менен жеңилдетилген шартта таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Жай айларында кызматка кошулуу жана жүргөн жери тууралуу билүү үчүн күнүгө 5 сурам акысыз сунушталат. Атайын мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн сурамдар 5 сомдон тарифтелет”, - деп белгилей өттү, MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Кызматты пайдалануу алгоритми эң жөнөкөй:

  • биринчиден *989*1#чакыруу буйруусун терип же 989 номуруна SMS жөнөтүп кызматты кошуу зарыл;
  • андан соң абоненттин кайда жүргөнүн билүү үчүн *989*1*055Axxxxxx#чакыруу буйруусун терип, ага уруксат алуу сурамын жөнөтүү зарыл;
  • абоненттин кайда жүргөнүн билүү *989*055Axxxxxx#.
     

MegaСom телекоммуникация базарындагы жаңы технологияларды жана кызматтарды биринчилерден болуп колдонуу жана көптөгөн кыргызстандыктардын арасында жайылтуу жаатында абоненттеринин купулуна толгондой ийгиликтерге жетишип келүүдө.

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы