Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы алыскы аймактарды байланыш менен камсыздоону улантууда

MegaCom компаниясы алыскы аймактарды байланыш менен камсыздоону улантууда

MegaCom компаниясы өлкөбүздүн алыскы аймактарында жашаган мекендештерибизге байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулап, алардын мүдөөлөрүнө көңүлкош карабайт. Географиялык шарттарынын татаалдыгына карабастан, өрүкзарлуу Баткен аймагын уюлдук байланыш менен камсыз кылуу компаниянын артыкчылыктуу милдеттеринин бири.

Бул багытта компания адистери тарабынан натыйжалуу иш-аракеттер аткарылууда. Кыска мөөнөттүн ичинде Сох анклавына чектеш жайгашкан аймакта радиоөткөрүүчү аппаратуралардын комплексин орнотууга байланышкан масштабдуу жумуштар иштер жүргүзүлүп, Согмент айылы мобилдик байланыш менен камсыз болсо, ал эми май айынын башында Таян, Чарбак жана Кыштут айылдарында антенна-мачталык жабдуулар орнотулуп, аталган айылдарды байланыш менен камсыз кылынды. Келечекте Кара-Дарыя айыл округуна караштуу Сары-Талаа, Тунук-Суу жана Кан айылдары да бул тизмени толуктамакчы.

Бүгүнкү күндө, буга чейин уюлдук байланыш толугу менен жок болгон калктуу конуштардын санынын азайгандыгын улуттук мобилдик операторунун техникалык багытта иш алып барган адистеринин талыкпаган эмгегинин үзүрү катары баалоого болот. Радио пландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаевдин айтымында, республикадагы көптөгөн калктуу конуштардын телекоммуникациялык технологиялар менен толук кандуу камсыз болушуна тоолуу жергебиздин татаал жаратылыш шарттары тоскоол болууда.

Маалымдама. Бүгүнкү күндө, MegaCom байланыш тармагы тоолуу өлкөбүздүн аймагынын 95 пайызын камтыган болсо, уюлдук оператор жакын арадагы стратегиялык пландарына ылайык бул көрсөткүчтү 100 пайызга чейин жогорулатууну көздөп келет. Өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору, жаңы радиоөткөрүүчү жабдууларды ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын миллиондогон тургундарына зарыл болгон мобилдик байланыш кызматынын сапатын жакшыртуу иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.
 

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы