Перейти на новый сайт

Бишкекте Mega Футбол өтөт

Бишкекте Mega Футбол өтөт

MegaCom компаниясы борбор калаабыздын тургундарын жана меймандарын, 11-майда саат 17:00дө,“Спартак” стадионунда “Mega Футбол” спорт долбоорунун алкагында, Бишкек жана Ош шаарларынын жылдыздарынын катышуусу менен өтө турган достук футбол таймашына күбө болууга чакырат.

Мелдеш компаниянын 7 жылдыгынын урматына карата өткөрүлүп, футбол оюнун сүйүүчү мекендештерибизге ыңгайлуу шарт түзүү жана коомчулукту сергек мүнөздөгү жашоого үндөө максатын көздөйт.

Бишкектик “Шоу Biz” курама командасынын курамын белгилүү бий топторунун өкүлдөрү, эстрада жылдыздары жана белгилүү өнөрпоз шоумендер чыгышат. Алардын катарын – Сэм Арзыматов, Арсен Жумабеков, Урмат Үсөнов, Бахтияр Абдылдаев, Максат Садырбеков, Атай Өмүрзаков, Ислам Акматов, Куба Курманбеков, Мирбек Масалиев, Улан Барпиев, Заир Токторов, Канат Деркенбаев, Замир, Чоро жана Эрмек Нурбаев толуктаса, Ош шаарынын намысын коргоо үчүн: Элдияр Кадыркулов, Кадырбек Жарматов, Асилбек уулу Арген, Канатбек Шанаев, Жыргал Чойонов, Жеңишбек Айтиев, Айжигит Мараков, Абдутолипжон Тешебаев, Нуржан Шерматов, Эмил Токтошев, Икромжон Юлдашев, Тынчтык Разаков, Максат Үсөнов, Мурат Жалиев, Шумкарбек Алимбаев, Немат Кошоков ат салышмакчы.

Таймаш соңунда көрүүчүлөр мекенибиздин белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтө турган эстен кеткис майрамдык концертке күбө боло алышат. Жагымдуу эмоциялар толкуну Сиздер үчүн! Кирүү акысыз.

Маалымкат: Компания спорт тармагын өнүктүрүүгө байланышкан социалдык долбоорунун алкагында бир топ алгылыктуу саамалыктарды иш жүзүнө ашырып, ал эми Баткен, Токмок шаарларындагы мини-футболдук талааны куруу, Талас шаарынын стадионун оңдоп-түзөө пландаштырылууда. 2011-жылы алдыңкы мобилдик оператордун каржылык көмөгү менен Каракол шаарында чакан футболдук талаа курулгандыгын белгилей кетүүгө болот.

MegaCom компаниясы – сергек мүнөздөгү жашоо, спорт, келечектеги чемпиондор үчүн!

 

Сунушталган кызматтар

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы