Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматы: Туулган күнүң менен!

MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматы: Туулган күнүң менен!

Бүгүн, компаниянын Кардарларды колдоо кызматына (ККК), башкача айтканда абоненттерге *500 катары таанымал болгон Call – борбордун түзүлгөнүнө 7жыл толду. 2006-жылдын 17-апрелинде абоненттин эң алгачкы чалуусу кабыл алынган.

Бул күн символикалуу дата, анткени 7 жыл мурун компаниянын абоненттик базасын 7 оператор тейлечү. Абоненттик базанын өсүү темпинин жогорулашы оператор-адистердин санынын өсүшүнө өбөлгө түздү. Азыркы учурда, оператор-адистер компаниянын жалпы жамаатынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт жана ар бири күнүнө 300гө чейин чалуу кабыл алышат.

Компанияны өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында, ар бир жыл жемиштүү жылдардан болууда. 2011-жылы MegaCom абоненттеринин катарын 2,5 миллионунчу абонент толуктаган. Бул абоненттик базанын туруктуу өсүшүнүн айкын мисалы. 7 жыл ичинде компания жетишкен ийгиликтерге КККнын кесипкөй жамаатынын да кошкон салымы чоң десек ашык болбос.

Кардарларды колдоо кызматынын адистерин куттуктоону жана фирмалык белектерге ээ болууну каалагандар, компаниянын социалдык тармактагы http://www.facebook.com/megacomkg. расмий сайтындагы өткөрүлгөн конкурска катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • Постоплатный Интернет-роуминг

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы