Перейти на новый сайт

MegaCom UEFA 2013 Чемпиондор Лигасынын телекөрсөтүүсүнүн расмий өнөктөшү

MegaCom UEFA 2013 Чемпиондор Лигасынын телекөрсөтүүсүнүн расмий демөөрчүсү

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде, Европанын Мюнхен жана Париж шаарларындагы белгилүү төрт клубдарынын таймашуусу менен Европанын УЕФА Чемпиондор Лигасы старт алды. Чемпиондор Лигасынын телекөрсөтүүсүнүн расмий демөөрчүсү, MegaCom компаниясынын колдоосу менен Кыргызстандыктар “Бавария” жана “Ювентус”, “ПСЖ” жана “Барселона” командаларынын таймашууларын Биринчи коомдук телеканалынын түз эфиринен көрө алышты.

“Өлкөбүздө чоң футболдун күйөрмандары жана сүйүүчүлөрү көп болгондуктан, MegaCom компаниясы кыргызстандыктарга ири спорт мелдеште катышып жаткан сүйүктүү командалардын оюндарын түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Компания сергек мүнөздөгү жашоону жайылтуу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп келет. Маселен, жаштардын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында, өлкөдө жаңы кичи-футбол аянтчаларын куруу жана болгон эски стадиондорду кайрадан калыбына келтирүү, компаниянын стратегиялык пландарында өзгөчө орунга ээ”, - деп белгиледи, MegaCom компаниясынын Башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

UEFA Чемпиондор Лигасы – дүйнөлүк маанидеги белгилүү европалык турнир жана футбол күйөрмандарынын жашоосундагы маанилүү окуя экени шексиз. MegaCom компаниясы, өлкөбүздүн футбол сүйүүчүлөрүнө “Биринчи коомдук каналда” реалдуу убакыт режиминде сүйүктүү командалардын оюндарына күбө болууга чакырат.

Өлкөбүздүн биринчи коомдук каналында жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:45-де соңку оюндарды көрүүгө болот. Футбол оюндарынын телекөрсөтүүсүнүн жүгүртмөсү компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

UEFA 2013 Чемпиондор Лигасынын оюндарынын телекөрсөтүүнүн жүгүртмөсү:

  • 2013-жылдын 02-апрелинде - саат 00:45-де 1/4 финалынын биринчи жолугушуулары: Бавария – Ювентус; ПСЖ – Барселона.
  • 2013-жылдын 03-апрелинде – саат 00:45-де 1/4 финалынын биринчи жолугушуулары: Реал - Галатасарай; Малага - Боруссия Д.
  • 2013-жылдын 09-апрелинде – саат 00:45-де 1/4 финалынын жооп иретиндеги жолугушуулар: Галатасарай – Реал; Боруссия Д. – Малага.
  • 2013-жылдын 10-апрелинде – саат 00:45-де 1/4 финалынын жооп иретиндеги жолугушуулар: Ювентус – Бавария; Барселона – ПСЖ.

Ал эми оюндардын кайталоосун 2013-жылдын 3, 4 жана 10, 11-апрелдеринде саат 13:45-де Биринчи коомдук телеканалынан көрүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы