Перейти на новый сайт

MegaComдон GPRS-роуминг жаңылыктары

MegaComдон GPRS-роуминг жаңылыктары

MegaCom уюлдук оператору, мобилдик роумингинин жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө өз абоненттерине кубаныч менен билдирет. Жакында, компания Индиядагы Vodafone Mobile Services Limited операторунун тармагында GPRS-роумингин ишке киргизди.

MegaComдун абоненттери, чет өлкөлүк оператордун SIM-картасын албастан, “GPRS-роуминг” кызматы аркылуу, эс алуу же иш сапар маалында дайым Интернетке чыгуу жана чөнтөк телефондон тартылган сүрөттү көз ачып-жумганча досторго же социалдык тармактарга жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен пайдалана алышат.

MegaCom компаниясы роумингде жүргөн абоненттердин үн байланыш жана башка заманбап мобилдик кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн тизмегин үзгүлтүксүз толуктап келет. Кызматтар боюнча тарифтер менен MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • MEGOGO

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы