Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын социалдык долбоорунун алкагында 100 мектеп компьютерлер менен жабдылды

MegaCom компаниясынын социалдык долбоорунун алкагында 100 мектеп компьютерлер менен жабдылды

MegaCom компаниясы «Mega Билим» билим берүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу менен республика боюнча 100 мектепти заманбап класс-комплектилер менен камсыз кылды. 7 ак компьютерден, эмеректерден, USB – модемден турган заманбап класс-комплектилер, өткөн аптада, Чүй облусунун төмөнкү мектептеринде орнотулду:

Тилекмат атындагы,С.Ибраимов атындагы №2, А.Молдокулов атындагы, А.Куттубаев атындагы, З.Кайназарова атындагы, Д. Доронбеков атындагы, К.Айдарбеков атындагы жана Юрьевка жана Дмитриевка орто мектептери.

MegaCom USB-модеминин жана SIM – картасынын жардамы менен мектеп мугалимдери жана окуучулар дүйнөлүк интернет желесине кирүүгө мүмкүнчүлүк алышып, информатика сабактары жаңы заманбап усулдар жана технологияларды колдонуу менен өтүлөт. Билим берүү контенти б.а. видео сабактар, аудио китептер, вебинарлар жана түз-конференциялар менен иштөө, “Mega Билим” долбоорунун соңку этабы болуп эсептелет.

“Жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын миллиондогон кыргызстандыктарга көрсөтүү менен бирге, өлкөнүн алдыңкы уюлдук оператору, коом алдындагы жоопкерчилигин түшүнүп, билим берүү, спорт, маданият жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо саясатына өзгөчө көңүл бөлүп келет. Келечек муундун билим сапатын мыктылоого жана заманбап билим алуу усулдарына жетки берүү максатында, компания тарабынан ишке ашырылып жаткан “Mega Билим” билим берүү долбоору, компаниянын коомчулуктун мүдөөлөрүн баамдоосунан кабар берет”, - деп белгилеп өттү, MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Азат Базаркулов.

Азыркы учурда, Кыргызстандын дагы 43 орто мектеби өз кезегин күтүүдө.

“Mega Билим” долбоору, алыскы аймактарга колдоо көрсөтүү жана өлкөбүздүн динамикалык өнүгүүсүнө салым кошуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы