MegaCom GPRS-роуминги эми Катар өлкөсүндө жана Испанияда
«GPRS-роуминг» кызматынан пайдаланган MegaCom абоненттеринин мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Эми,сиздер үн байланыш кызматынан гана эмес, мобилдик Интернеттен да кеңири пайдаланууга мүмкүн болгон роуминг-өнөктөштөрдүн саны арбыды.
Катар жана Испания өлкөлөрүнүн төмөнкү уюлдук операторлорунун тармактарында “GPRS-роуминг” кызматы жеткиликтүү:
- Qatar Telecom, Катар 2013-жылдын 4-мартынан тарта
- Vodafone, Испания 2013-жылдын 6-мартынан тарта
Саякат маалында, Интернет жана WAP ресурстарынан пайдалануу мурдагыдан ыңгайлуу. “GPRS-роуминг” кызматына компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборлорунан кошулуңуз.
MegaCom менен бирге мобилдик Интернеттин чексиз мүмкүнчүлүктөрүн ачыңыз.